Масадыков Ооганстандагы талибан өкмөтүнө карата бийликтин позициясын ачыктады

Коопсуздук кеңештин төрага орун басары Таалатбек Масадыков 4-ноябрда Ооганстандагы абал боюнча эл аралык конференцияда кыргыз бийлигинин талибдерге байланыштуу позициясын айтып берди.

«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган. 2021-жылы жайында «Талибан» Ооганстанды басып алган.

«Биздин өлкөнүн позициясы: бүгүнкү күндөгү эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү сыяктуу эле биз деле [талибдердин өкмөтүн] таануу маселесин көтөргөн дагы, талкуулаган дагы жокпуз. Бирок Ооганстандын өкмөтү де-факто талибдер болгондон кийин, консультация жана диалог жүргүзүшүбүз керек деген көз караштабыз», — деди Масадыков.

Коопсуздук кеңештин төрага орун басары сүйлөшүү жүргүзүү учурда «баары үчүн маанилүү» болуп турганын белгиледи.

«Дүйнөдөгү ар кандай чыр чатактар, анын ичинде ири согуштар сүйлөшүү аркылуу гана чечилип келет. [Ооганстандын] де-факто өкмөтүн бүгүнкү күнү обочодо калтырып коюу туура эмес деп ойлойм», — деди Масадыков.

Масадыков Кыргызстан Ооганстанга колунан келишинче гуманитардык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады. Масадыков буга чейин бир канча жолу Ооганстанга сүйлөшүүлөр үчүн барып келген, ал жерде күч түзүмдөрү менен дагы сүйлөшкөн.

«Ал арада дүйнөлүк пресса жазган маалымат менен өлкөдөгү азыркы акыбалдын ортосунда чоң айырма бар. […] Дээрлик бардык өлкөлөр конференцияларда диалог жүргүзүп, [Ооганстанга] жардам берүү керек деп айтышкан. Менин баамымда де-факто талибан өкмөтүнүн өкүлдөрү [ар башка өлкөдөн] өз даректерине айтылган инклюзивдүү өкмөт түзүү, аялдардын жана балдардын укуктары боюнча ар түрдүү талап жана шарттардан деле тажаса керек. Өлкөлөр ооган өкмөтүнө жардам берүүдөн мурда, ушул талаптардын аткарылышын талап кылып жатышат», — деди ал.

Кыргызстан жана «Талибан» менен сүйлөшүүлөр

Кыргызстан «Талибан» тарабынан дайыйындалган өкмөт менен расмий жолугушуу өткөргөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгон. Жолугушуу 23-сентябрда Кабул шаарында өткөн, ага Масадыков президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев менен барган.

Кийин Масадыков Ооганстанга талибдер менен диалог курууну жактап аткан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барганы белгилүү болгон. Тыюу салынган уюмдун өкүлдөрү менен Кыргызстандын жана Казакстандын элчилери дагы жолуккан.

21-октябрда «Валдай» форумунда Орусиянын президенти Владимир Путин «Талибанды» террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарууну колдоп сүйлөгөн. Анда Путин чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынышы керек деп билдирген.

Талибдердин Ооганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Ооганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышкан. Талибдердин баскыны АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстанда 20 жылга жакын болгондон кийин чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Талибдер аялдардын, этникалык азчылыктын укуктары боюнча көптөгөн убадаларды берген. Бирок убадалары иш-аракетине дал келбейт.

21-октябрда 20га чукул ооган кыз-келини аялдардын укугу үчүн маршка чыккан — «Талибандын» мүчөсү чет элдик фотографты куралдын башы менен чаап, тээп салган. Дагы бири журналистти чапкан. Аялдардын укугу үчүн сентябрдагы маршы кууп таркатылган.

Талибдер ооган аялдарынан бетин жаап жүрүүнү талап кылган. Бийликти басып алгандан кийин эле алгачкы аптада талибдер аялдарга «коопсуздук максатында» үйдөн жумушка чыгууга тыюу салган. Ооган аялдарына эркектердин коштоосу жок базардан тамак-аш дагы сатылбайт, ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагарда аялдардын поликлиникалары ишин токтоткон.