Казакстандын Ооганстандагы элчиси «Талибандын» өкүлдөрү менен жолукту

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев 26-сентябрда талибдер тарабынан дайындалган Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Бул тууралуу Ооганстан Ислам Эмиратынын өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Твиттерге жазды.

Жолугушууда эки тарап «өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилеси маанилүү экенин белгилеп, бул тармакта эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүү убадалашканы» айтылды.

«Элчи Кабулдагы коопсуздук жаатындагы абалга канааттанганын билдирип, Ооганстанга гумжардам жеткирүүгө чакырды», — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстан — «Талибан» дайындаган өкмөт менен ушундай деңгээлде жолугушууга барган Борбор Азиядагы экинчи өлкө болуп калды. Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолуккан.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Жолугушуу 23-сентябрда Кабул шаарында өткөн. Анда Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев да болгону айтылган.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз делегациясы «Кабулга Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын элине гуманитардык жардам жеткирип барган».

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров республика Ооганстандын «ички иштерине кийлигишпөөнү» жана бул өлкө менен «достук мамилени колдоону» жактайт деп ишендирген. Ошондой эле, ал «Ооганстанда кырдаал тез арада турукташуусу» үчүн «жаңы бийликтин өкүлдөрү менен ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын» белгилеген.

Талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстан менен байланышты оңдоого Өзбекстан дагы аракет кылган. 14-сентябрда Өзбекстан Ооганстанга азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гумжардам жөнөткөн.

Ошондой эле, Орусия терроризм менен күрөшүүдө «Талибанды» колдоого даяр экенин билдиргени белгилүү болгон.