Колонканын автору: «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер

Боршайкомдун чечими менен «Клооп» алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө албайт. Ушундай болушу күтүлсө деле, Кыргызстанда бийлик авторитардык кыялын кайсы маалда көрсөтүп коёрун билбейсиң, ошондуктан жагымсыз болду (сылык айтканда).

БШКнын түшүндүрмөсү күлкүнү келтирет. Анда «Клооп Медиа» фондунун уставында «шайлоо мыйзамы жана шайлоо, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүк» көрсөтүлгөн эмес делет. Мындан тышкары, БШК «шайлоо мыйзамы жана шайлоо, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен уюмдар» гана шайлоого байкоо жүргүзө алат деп эсептейт.

Эмне үчүн БШКнын аргументи акылга сыйбайт?

Биринчиден, Кыргызстан өзү деле карманып жүргөн укуктун базалык принциптеринин бири — тыюу салынбагандын баарын жасоого болот. Ооба, «Клооп Медианын» уставында шайлоого көз салуу жана адам укуктарын коргоо тууралуу айтылган эмес. Эмне болуптур?

«Клооп Медианын» уставы буга тыюу да салбайт! Биздин уставда өзүбүздү өзүбүз чектеп, биздин фонд шайлоого байкоо жүргүзүүгө укугу жок же адам укуктарын коргой албайт деп жазылган пункт жок.

Ал тургай, биздин уставдын 2.5 пункту ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүүгө боштук калтырган — ал жерде «Клооп Медиа» Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамга каршы келбеген каалаган ишмердүүлүктү аркалай алат деп айтылган.

Каалаган! Тагыраагы, бул жерде шайлоого байкоо салуу да бар.

Экинчиден, биз де-факто шайлоо маселелери боюнча адистешип калган уюмга айланганыбызга бир жылдан ашып калды. Муну Борбордук шайлоо комиссиясы өзү деле тааныган: ал бизге мурда байкоо жүргүзүүгө аккредитация берген, биздин көптөгөн арыз-даттанууларыбызды кабыл алып жүргөн, жалпысынан айтканда, биз менен шайлоого байкоо жүргүзгөн уюм катары кызматташып келген.

Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg

Анан кантип бир заматта эле биз шайлоо багытында адистешпеген уюм болуп чыга келдик?

Эмне үчүн биздин байкоо маанилүү?

Акыркы жылдары «Клооптун» шайлоого байкоо жүргүзүүсү нагыз элдик көзөмөлгө айланды. Ал тургай, 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоого жөнөткөн 300 байкоочу деле таасирдүү сан болгон.

Бирок январдагы шайлоодо команданын курамы 1 400 адамга жеткен. Апрелде өткөн референдум менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоолодо 2 800 байкоочу менен эбегейсиз масштабга чыкканбыз.

Кыргызстанда эч ким, эч качан мындай масштабда шайлоого байкоо жүргүзгөн эмес. Алсак, апрелдеги шайлоодо биздин байкоочулар 840 мыйзам бузууну катташкан, алардын негизинде биздин юристтер 199 арыз тапшырып, анын ичинен БШК 91ин толугу менен же жарым-жартылай канааттандырган.

2021-жылдын апрелиндеги шайлоодо «Клооптун» байкоочулары каттаган мыйзам бузуулар. Kloop.kg сайтынан скриншот

(Дагы да айтсак, жакында эле БШК биздин көп сандагы арыздарды кабыл алып, канааттандырып эле келген, эми болсо мынтип кайдан жайдан эле шайлоо маселелеринде адистешпеген болуп чыга калдыкпы? Боршайком өзүнө өзү каршы чыгып жатканын байкап жатасыңарбы?)

Биз шайлоодо байкоочулук кыла баштагандан бери командага кошулууну каалаган өтө көп билдирүү алып жаттык — Кыргызстандын жарандарынын бийликтин мыйзам бузууларына бөгөт коюуга ынтызарлыгы күч.

Негизи эле, Кыргызстанда бийлик бутактарынын ар бир органы элдин туруктуу текшерүүсүнө муктаж. Адамдар бийликке ишенбейт, бул да жөн жерден эмес — бийлик өзүн өзү далай жолу дискредитация кылып койгон.

Боршайкомдун аракети өткөн жылы бийлик алмашпай эле декорациялар алмашканын дагы бир жолу айгинелеп турат. Эч өзгөрүү жок. Өлкөдө президент ким экени, Садырбы же Жапаровбу же дагы бир ноунэймби мааниге деле ээ эмес; өкмөт кандай аталганы, канча курултайыбыз менен парламентибиз бар экени да маанисиз; бийликтин тактикасы ошол эле бойдон калды — бюрократиялык оюндардын жардамы менен ыплас иштерин коомго көрсөтпөй жашырып коюу.

БШКнын бизди байкоодон четтеткени биз үчүн сыймык — демек биз Кыргызстандагы коррупционерлер менен шумпайлардын үшүн алып койгон экенбиз да.

Мындан аркы кадамыбыз кандай болот?

Биз акыр-аягына чейин, бардык деңгээлде бул чечимге каршы турабыз. Бактыбызга жараша, «Клооптун» мыкты юристтерден турган командасы бар, БШКны жана башка бийлик органдарынын жанын койбойбуз.

Эң башкысы — эч нерсеге карабай шайлоого байкоо жүргүзөбүз. Биз байкоочуларды аккредитациялоо институту таптакыр эле жоюлуп, шайлоого байкоо салуу БШКнын уруксаты жок деле найтыжалуу болгондой деңгээлге чыгабыз.

Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg

Биздин эр жүрөк байкоочулар участкаларга келип, бийлик жаап-жашыргандын баарын тартып кетет.

Биз аккредитациясы бар уюмдар менен биригип, участкалардын ичинде байкоо салуунун жолун табабыз.

Биз БШК кийин кайра оңдоого уруксат бере турган протоколдорду сүрөткө тарткандарды табабыз.

Биз мыйзам боюнча арыз берүүгө укугу барларга аны тапшырууга жардам беребиз.

Бийлик кандай гана бут тоспосун бир да мыйзам бузуу көңүл сыртында калбайт.

Бир да жолу моюн сунган эмеспиз, азыр да артка кайтпайбыз.