Акыркы жылдары Кыргызстанда кафе-ресторандарда тамактангандардын арасында бир катар массалык уулануу фактылары катталды. Алардын ичинен «Империя пиццы» кафелер тармагындагы жана «Ала-Тоо» ресторанындагы уулануу чуулгандуу болду.

2018-жылы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн тойдон кийин тамакка ууланган 249 киши ооруканага кайрылган. Ошондой эле, 2019-жылы Токмоктогу «Мегаполис» ресторанындагы үлпөт тойдо 174 киши ууланган. Үч жылдан кийин «Ала-Тоо» рестораны койгон антирекордду «Империя пиццы» кафеси жаңылап отурат — анда булганган балык жеген 318 киши жабыркаганы белгилүү болду. Уулануу фактыларынын себеби — сальмонеллез.

Роллы. Сүрөт: Pxfuel

«Клооптун» журналисттери уулануудан кийин кенемте төлөтүп алуу канчалык реалдуу экенин жана массалык ууланууга себепкер болгон тамактануу жайлары кандай жоопкерчиликке тартылганын аныктоого аракет кылды.

«Империя пиццыдагы» уулануу. Сальмонелла деген эмне?

Ким кенемте алууга укуктуу?

Мыйзамга ылайык, жабырлануучулардын баары кенемте алса болот, бирок чындап эле уулануу болгонун далилдеп берүү керек.

Көп учурда, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүлөт, кийин алар дарыланууну үйүндө улантат же инфекциялык ооруканага жаткырылат. Эки учурда тең бейтаптар дарылануу акысын өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Бирок «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, кайсы бир тамактануучу жайда ууланган жаран дарыланууга кеткен чыгымдын жана жеген тамак-аштын акысын төлөтүп алууга укуктуу.

Мындан сырткары, жабырлануучу сот аркылуу моралдык зыян үчүн кенемте өндүрүп алса болот.

Фатима Якупбаева. Сүрөт социалдык тармактагы барагынан алынды.

«Эң негизгиси, эмнени далилдөө керек? Белгилүү бир жайдан тамактануу менен уулануунун байланышы далилденүүгө тийиш», —деп юрист Фатима Якупбаева «Клоопко» айтып берди.

Кенемте алуу үчүн кандай документтер керек?

Биринчи кезекте медициналык маалымкат алуу керек — бул ууланганыңызды тастыктоочу документ. Бардык медициналык документтерди, дүмүрчөк, маалымкат жана дарт аныктоо, дарылануу үчүн сарпталган чыгымдар тууралуу маалыматтарды сактап коюу зарыл.

Андан кийин мекемеге карата дооматтарды жазуу керек. Документ төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • кафеге барган же тамак буйрутма менен күн, убакыт;
  • сиз жеген, буйрутма берген тамактын аталышы;
  • ууланууну тастыктаган документтер, медициналык маалыматкат;
  • уулануунун кесепеттерин сүрөттө;
  • компенсациянын жалпы өлчөмү.

Ошондой эле, дооматта эгерде жазылган катка тийиштүү көңүл бурулбаса, керектөөчү укугун коргоо үчүн сотко кайрылуу акысы бар экенин эскертип өтүү керек.

Документти кафеге өзүңүз жеткиришиңиз керек болот же тапшырык кат менен жөнөтүү керек. Катты эки экземплярда жазуу керек: бирөө кафенин кызматкери алдым деп кол коюп бергенден кийин сизде калат, экинчиси кафеге тапшырылат.

«Дооматтар кат аркылуу жөнөтүлгөндөн кийин кафе же ресторан чыр-чатакка карата кандай чечим кабыл аларын күтүү керек. Эгерде өз ыктыяры менен талаптарды аткаруудан баш тартса, сотко кайрылса болот», — деп белгиледи Якупбаева.

Жарандык кодекске ылайык, кыргызстандыктар моралдык зыян жана адеп-ахлактык жактан азапка салуу үчүн кенемте талап кылууга укугу бар.

Мында сот кенемтенин өлчөмүн аныкташ үчүн бузуучунун күнөөсүнүн деңгээлин жана башка милдеттемелерди эске алат.

Мекеме кандай жаза алышы мүмкүн?

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамда керектөөчүлөрдүн ден соолугунун же өмүрүнүн коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды атайылып же этиятсыз өндүрүү же сатуу үчүн Жоруктар кодексине ылайык өндүрүүчү жоопкерчилик тартат. Ал эми бул кодексте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейинки гана штраф каралган.

Атап айтканда, «Империя пиццы» кафелер түйүндөрү 30,5 миң сом айып төлөп кутулду. Ал эми «Ала-тоо» рестораны мыйзам бузганы мындан дагы аз өлчөмдө штраф төлөгөн. Ишкананын жетекчисине 20 миң сом, ал эми администраторго 5 миң сом айып салынган.

«Уулануу массалык түрдө болгонун эске алганда, бул жерде Жоруктар кодекси колдонулбашы керек деп ойлом. Бул жерде Жазык кодекси колдонулганы туура, анда штраф дагы 260 миң сомдон 300 сомго чейин, зыяндын ордун толтуруу да бар», — деп кошумчалады юрист.

«Клооп» жабыркагандардан доомат коюшканбы-жокпу, аларга кенемте төлөнгөнбү-жокпу билиш үчүн «Империя пиццы» жана «Мегаполис» кафелери менен байланыша алган жок. Ал эми «Ала-тоо» ресторанында ишканадагы уулануу боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Империи пиццыдагы» массалык уулануу 2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизген убактылуу мораторийдин алынышына себеп болгон. Эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкө боюнча коомдук тамактануу жайларын текшерип чыгышат.