«Империя Пиццыдагы» уулануу. Коомдук тамактануу жайларын текшерүү жанданат

Кыргызстанда тамак-аш өндүрүүчү жана жүгүртүүчү объектилерди текшерүүгө жарыяланган мораторий алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомстводон белгилешкендей, Бишкектеги акыркы массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшерет.

Коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө жарыяланган мораторий 2018-жылдан баштап иштеп жаткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 24-октябрда «Империя пиццы» кафесинде роллы жеген 12 киши ууланганын билдирген. Эртеси күнү, 14.30га карата уулануунун натыйжасында медициналык жардам сурап ооруканага кайрылгандардын саны Бишкек жана Чүй облусунда 118ге жеткен.

«Алардын ичинен Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүндө 10 адам, шаардык балдар ооруканасында 13 бала дарыланып жатат. Медиктердин айтымында, бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Калган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп билдиришти министрликтен.

Ведомствонун маалыматы боюнча, уулангандардын баары кафенин Бишкектеги ар башка филиалдарынан тамактанган. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 25-октябрдан тарта «Империя пиццанын» бардык тармактык кафелерин убактылуу жапкан.

«Биз 35 тамак-аштын үлгүсүн алып лабораториялык изилдөө жүргүзүп жатабыз. Бүгүн кафенин кызматкерлери анализ тапшырып жатат. Кафе изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу жабылды», — деп билдиришти мекемеден «Азаттыкка».