УКМК & Бекешев. Депутаттыка талапкер аны шайлоодон четтетүүнү көздөп жатышканын айтты

Депутат Дастан Бекешев УКМКнын Бишкек шаарындагы башкармалыгына төрт саатка чукул сурак берди. Ал эми анын адвокаты суракка киргизилген жок.

Бекешевдин айтымында, атайын кызмат аны шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө жакшы жете электерди аралаштырганы тууралуу арыздын негизинде чакырган. Депутат анын үстүнөн атаандаштары арызданышы мүмкүн деп эсептейт.

«Менин оюмча алар мени шайлоо өнөктүгүнөн алып салууну көздөп жатышат. Мага тагылып жаткан айып ушуга дал келет […] Бул болбосо, башкасын ойлоп табышмак», — деди депутат.

Андан тышкары, Бекешев Телеграмдагы каналында суракка алынышын «административдик ресурсту ага карата колдонуу» деп атады.

«Бул административдик ресурс колдонуу, бул тууралуу баса белгилеп айта алам, себеби менин Октябрь районундагы бардык атаандаштарыма мынчалык кийлигишпейт, жада калса айрым мыйзам бузууларына көз жумуп коюшат», — деди ал.

Бекешев атаандаштарынын бири мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, дагы бирөө президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев экенин белгиледи.

Мелис Турганбаев менен Руслан Кыдырмышев.

Эл өкүлү коопсуздук комитетине сурак берип чыккан соң айрым ЖМКларда «үгүт ишине катышты» делген жашы жете элек балдардын көрсөтмө берип жаткан видеосу тарады. Анда балдардын бири «Бекешев аларга үгүт жүргүзүү үчүн 10 миң сом берүүнү» убадалаганын айткан.

«Мен Бекешевдин штабына барып, аны менен жолуктум. Сүйлөшүп жатканда канча жашта экенимди сурады. 17де экенимди айттым. Ал расмий түрдө кол коё албасын, бирок [үгүт үчүн] акча берерүүнү убадалаган. Канча каражат берерин так айткан эмес», — деп билдирген көрсөтмө берген бала.

Ал эми депутат «УКМК атаандаштарынан бирөөнө көмөктөшүүгө аракет кылып жатканын» жана «шайлоонун таза өтөрүнө ишенбей турганын» билдирди.

«Эгер УКМК ар кайсы үзүндү видеолорду топтоп, тез эле монтаждап коюп жатса, демек 100 % мени шайлоо кампаниясынан четтетүүнү көздөп жатат», — деп жазды эл күлү Твиттердеги барагына.

Аны менен катар президенттин «таза шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыгына» үмүт артып жатканын кошумчалады.

«Кайсы бир жерде жашы жете электер жүргөнүн мен көзөмөлдөй албайм. УКМК менин атаандаштарымды текшериши керек. Канча үгүтчү жалдап жатышат? [...] Арабама ушул сыяктуу таш ыргыткандар болбойт, буга аралашып жаткан президенттин эстүүлүгүнө, акыры “администрактивдик ресурс колдонбогула” деп айтарына ишенем», — деди ал кайрылуусунда.

УКМК эмне дейт?

УКМКнын басма сөз кызматы «Бекешевдин шайлоо штабы үгүт иштерине мектеп окуучуларын пайдаланганы аныкталганын» билдирди. Алардын айтмында, «15-ноябрында Бекешев УКМКга өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн келген».

«Депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго каражат төлөнгөнү аныкталган. [...] 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр депутаттыкка талапкер Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн», — деп жазылат билдирүүдө.

Атайын кызмат учурда тергөө иштери жүрүп жатканын бегилеп, сотко чейинки өндүрүш материалдары БШКга жиберилерин кошумчалады.

Укук коргоочулар эмне дейт?

Бекешев 15-ноябрда Твиттердеги барагында суракка чакырылганын айтып, «УКМК ага иш козгогону жататканын» жазган.

«Менин үстүмөн эч ким даттанган эмес, арыз жазган эмес, бул мекеменин өзүнүн демилгеси», — деп билдирген Бекешев.

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын имаратына чогулган Бекешевдин тарапкерлери. Сүрөт: «Апрель»

Кийинчерээк УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын имаратына укук коргоочулар, саясатчылар жана Бекешевдин тарапташтары чогулган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Бекешевдин адвокатсыз УКМКда кармалып турганын «адам укугун одоно бузуу» деп атаган.

«Эмнеге Дастанды коргодум: Биринчиден ал депутат, экинчиден депутаттыкка талапкер. Бирок, эң башкысы ал биринчи топтогу майып. Адвокатсыз, эч бир доомат жок биринчи топтогу майыпты кармап туруу адам укугун одоно бузгандык», — деп жазган Абдирасулова Фейсбуктагы барагына.

Ташиев менен Бекешевдин тиреши

Камчыбек Ташиев менен Дастан Бекешев.

Депутат Дастан Бекешев 28-ноябрына өтө турчу парламенттик шайлоого Бишкек шаарынын Октябрь районундагы бир мандатуу округдан талапкерлигин көрсөткөн.

Ал парламенттин трибунасынан башка депутаттар көтөрбөгөн маселелер боюнча биринчилерден болуп үн катып, бийликтин иш-аракетин сынга алып келет.

Мисалы, Бекешев коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Ташиев Оштун экс-мэринин уулунун үйлөнүү тоюнда сахнага чыгып, бир катарда турганын сынга алган.

УКМК төрагасы болсо, Матраимов кылган кылмышы үчүн 2 млрд сом төлөп бергенин эске салып, аны менен бир дасторкондо отурган болсо да ал жаман иш кылбаган болоорун айткан.

Ошондой эле, ал Бекешев «качан болсо туура эмес сын айтып» келгенин кошумчалап, андан көрө өкмөткө «өлкөнү өнүктүрүү» боюнча кеңеш бериңиз деген сунуш айткан.

«Эгерде сиз мыйзам бузсаңыз [Бекешевге кайрылып] сизди дагы жазалайбыз. Кыргызда чакырган жерден [тойдон] калбайт. Мен ал тойго барсам, демек алар менен достошуп алдым деген кеп эмес. Андай болбойт. Сындаганды дагы билиш керек», — деген Ташиев.

Буга чейин, 2-ноябрда БШК Дастан Бекешевге мөөнөтүнөн мурда үгүт кылганына байланыштуу кат түрүндө эскертүү берген. Ал эми депутат БШКнын бул чечимине макул эместигин белгилеп, жумушчу топ мындай чечимди лингвистикалык экспертизанын корутундусу жоктугуна карабай чыгарган деп билдирген.

Ошондой эле, Бекешев «Кумтөр» иши боюнча эки ирет Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан.