Сарыбашов уулун үйлөдү. Тойго Камчыбек Ташиев менен Райымбек Матраимов да келди

Тойдон сүрөттөр. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп, Бишкек шаарында чоң той берди. Маалыматты «Клоопко» Сарыбашовдун мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктады.

Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу Инстаграм баракчасындагы сторисине тойдон видео жүктөдү. Андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин куттуктоосунан үзүндү көрүүгө болот.

«Урматтуу Таалай иним, урматтуу куда-кудагыйлар! Баарыңыздарды бүгүнкү жакшы кече менен, бүгүнкү той менен куттуктаймын! Таалай иним, бүгүн жакшы тилек менен той кылып жатасың», — деп сүйлөгөн Ташиев.

Ташиев менен кошо сахнада коррупционер Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, депутат Улан Примов жана депутат Азамат Арапбаев да турган.

Тойго ырчылардан Саламат Садыкова, Мирбек Атабеков, Анжелика Кайратова, Нурлан Насип жана Юлия Руцкая келген. Тойду белгилүү тамада Санжар Мыкыев алып барган. Алар соцтармактарына жүктөгөн сүрөт-видеолордо үлпөт Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында өткөнүн белгилешкен.

Сарыбашовдун уулу Нурсултан Насирбеков 24 жашта. Ал буга чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Атасы Таалайбек август айында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда уулун иштен бошотуп, 10 күндөн кийин өзү да кызматын тапшырган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге «тиешелүү» делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 10-октябрда съездин өткөрүп, талапкерлерин бекитти. Анда алгачкы бештикке Таалайбек Сарыбашов киргени белгилүү болду.

Нурсултан Насирбеков

«Үйү жок» мэр

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп турган учурда «Ош шаарында үйүм жок» деп Түштүк резиденцияда мамлекеттик казынанын эсебинен жашаган.

Эки жыл мурда ал резиденцияда жашаган үйүн 3 млн 291 миң сомго капиталдык оңдоодон өткөргөн. Ошол эле учурда журналисттер Сарыбашовдон «Гүлчөдөгү хан сарайды кайсы акчага курдуңуз» деп суроо узатышкан.

Анда ал үй атасына таандык экенин, аны бир туугандар чогулуп курушканын билдирген. Сарыбашовдун айтымында, ал 11 бир тууган — алардын баары бизнес менен алектенет.

Сарыбашов өзү Ош шаарына мэр болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ага чейин ал 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими болуп, 2015-жылдан баштап калаа башчылыгына келгенге чейин Ош облусун жетектеп турган.