«Кумтөр» иши. Депутат Дастан Бекешев Аскер прокуратурасында сурак берди

Депутат Дастан Бекешев 5-ноябрда Аскер прокуратурасында «Кумтөр» иши боюнча сурак берип чыкканын билдирди. Эл өкүлү ушуну менен бул ишке байланыштуу экинчи жолу сурак берди.

Депутаттын айтымында, Аскер прокуратурасында 2 саат сурак берген.

«Бардыгы жакшы өттү, мыйзам бузуу болгон жок [...] Үгүткө чыгуунун ордуна Кумтөр боюнча суроолорго жооп берүүгө туура келди», — деп билдирди ал Vesti.kg басылмасына.

«Кумтөр» иши боюнча Бекешев августтун башында дагы сурак берген.

«Кумтөр кенине байланышуу суу кодексине добуш берүү боюнча чакырышты (Давыдов жана Лысый мөнгүлөрүн иштетүүгө). Мен мыйзамга каршы деп добуш берсем да, бул ишти юридикалык эмес, саясий деп эсептейм», — деп жазган эл өкүлү ошондо Аскер прокуратурасына барардын алдында.

Ал анда депутаттар добуш берүүнүн жыйынтыгы үчүн укуктук жоопкерчилик тартпасын, бирок моралдык жоопкерчилик алышы керектигин кошумчалаган.

Мөңгүлөрдү талкалоо

2017-жылы канадалык инвестор Centerra Gold Inc. компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен казууга уруксат берилген. Анда мөңгүлөрдө кен казууга парламент депутаттары менен ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев макулдугун берген.

«Лысый» мөңгүсү. Архивдик сүрөт: «Азаттык»

Буга чейин Суу кодексинде мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен ишмердикке тыюу бар болчу. Бирок кодекске түзөтүүлөр киргизилгенден кийин тыюу Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө карата иштебей калган.

Бийлик мындай чечим өлкөнүн башкы бюджет түзүүчү ишканасы болуп эсептелген Кумтөр кенинин «үзгүлтүксүз ишин» камсыздоо максатында кабыл алынды деп түшүндүргөн.

2017-жылы укук коргоочулар менен экологдор мөңгүлөрдү сактап калыш үчүн бир нече жолу митинге чыгып, бийликтин мөңгүлөрдө кен казууга макулдугу экологиялык катастрофага алып келерин билдиришкен.

«Кумтөр Голд Компани» Суу кодексине түзөтүүлөр киргизилгенден кийин жыл сайын экологияга зыян тийгизгени үчүн 3 млн доллар төлөп туруу милдетин алган. Ошондой эле ал Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүп, ал жакка 50 млн доллар салышы керек болчу.

Ал эми «Кумтөр» боюнча жаңы экологиялык комиссия түзгөн учурдагы бийлик канадалык Centerra Gold Inc. компаниясын экологиялык нормаларды бузууга, кенди иштетүүдө мөңгүлөрдү талкалоого жана тоотектерди мөңгүлөргө төккөн деп айыптап жатат.

Сурак жана «Кумтөр» боюнча кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары.

21-майда Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимди түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча иликтөө баштаганын кабарлаган.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин чет - өлкөдө даарылануу үчүн бошотулган, жана өлкөгө кайтып келген), андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев жана бир катар учурдагы депутаттар, алардын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Алардын ичинен экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча УКМКнын тергөө изоляторунда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, мурдагы өкмөт башчылар Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариев кармалууда.