Алдамчылыкка шектелип камалган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

Алдамчылыкка шектелип кармалган блогер Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору (КАУБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамытбек 14-ноябрдан бери тамак-аштан баш тартып, «системага нааразылыгын билдирип жатат».

Мамытбектин ачкачылык жарыялаганы КАУБдун кызматкерлери 16-ноябрда Бишкектеги ТИЗО-1ди текшерип барган учурда белгилүү болгон.

«Айыпталуучунун пикиринде, ага негизсиз айып тагылып жатат жана муну тастыктаган бардык документтер бар. Гүлзат Алымкулова маселеси жарандык тартипте каралышы керек болчу деп эсептейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Гүлзат Мамытбек ЖАМК менен ИИМдин мекемелериндеги шарттар канааттандырарлык эмес экенин айткан. Ал кат-кабарлардын өз убагында жөнөтүлбөгөнүнө жана кызматкерлердин орой мамилесине нааразы.

Ал эми Бишкектеги ТИЗО-1дин жетекчилиги Гүлзат Мамытбектин бардык маалым каттары ыкчам түрдө дарегине жөнөтүлүп жатканын билдирди.

КАУБдун маалыматына караганда, блогер айым президентке, УКМКга, Акыйкатчы институтуна, БУУга жана АКШ менен Түркиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылуу жолдоду.

Гүлзат Мамытбектин кармалышы

25-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи Гүлзат Мамытбекти алдамчылыкка шектеп кармаган. Ал эми 27-октябрда Биринчи май райондук соту Мамытбекти бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Мамытбекти кармоого 2020-жылы блогердин үстүнөн жети кишиден арыз түшкөнү негиз болгон. Жабырлануучулар блогер алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акча алганын» билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашат.

Мындан улам Биринчи май РИИБи «Алдамчылык» беренеси менен иш козгогон, бирок шектүү 2020-жылдын февраль айынын башында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми шектүү издөөдө жүргөндүктөн 2020-жылдын 8-августтунда тергөө убактылуу токтотулган болчу. Гүлзат Мамытбек 25-октябрында өлкөгө кайтып келгенде «Манас» эл аралык аэропортунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Блогер Гүлзат Мамытбек бир айга камакка алынды

110 миң доллар. Блогер Гүлзат Мамытбек «Алдамчылыкка» шектелип кармалды