Дастан Бекешев Инстаграм аккаунтун бузуп кирүү аракети болгонун айтты

Парламенттик шайлоого бараткан депутат Дастан Бекешев 16-ноябрда Инстаграм аккаунтун бузуп кирүү аракети болгонун билдирди.

«Инстаграм аккаунтумду бузушту, бирок жагдайды көзөмөлгө алууга үлгүрүп калдык», — деп жазды ал Твиттерине.

Бузуп кирүү аракети болгон күнү Бекешев соцтүйүндөгү барактары аркылуу сурактагы видеосун жарыялаган УКМКны сынга алган.

Тыңшоо жана аккаунтту бузуулар

Бул активисттер жана саясатчылар тыңшоого алынып, социалдык тармактардагы аккаунттары бузууга дуушар болгон алгачкы учур эмес. Тыңшоого байланыштуу акыркы чуулгандуу окуя үстүбүздөгү жылдын август айында болгон. Анда «тыңшоого алынган» эл өкүлдөрүнүн арасында Дастан Бекешев да болгон.

Алсак, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова өзүнүн, ошондой эле башка 100гө жакын активисттин, оппозициячыл саясатчылар менен укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганын билдирген.

Укук коргоо органдарынын бул аракети коомдо чуу жараткан. Ал эми соттогулар телефондорду тыңшоо мыйзамдуу болгон деп жооп беришкен.

Бул окуядан кийин дагы бир нече юрист жана саясатчы телеграм-аккаунттары бузулганын айтып чыгышкан. Алардын арасында адвокат жана депутаттыка талапкер Нурбек Токтакунов, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, юристтер Сания Токтогазиева жана Замир Жоошевдер болушкан.

Бекешевдин айланасында эмне болуп жатат?

Дастан Бекешев сурактан кийин.

Депутат Дастан Бекешев 15-ноябрда УКМКда суракка алынган. Ал үгүт штабында жакшы жете электерди иштетип, аларга шайлоо фондуна тиешеси жок булактан айлык төлөп берген делип шектелүүдө.

Бекешев төрт саатка чукул сурак берип, аны президент тараптан болгон «административдик ресурс колдонуу» деп атаган.

«Бул административдик ресурс колдонуу, бул тууралуу баса белгилеп айта алам, себеби менин Октябрь районундагы бардык атаандаштарыма мынчалык кийлигишпейт, жада калса айрым мыйзам бузууларына көз жумуп коюшат», — деп билдирген саясатчы.

Анын атаандаштарынын бири — мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, экинчиси — президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев.

Үчөө тең Бишкектин Октябрь районуна караштуу бир мандаттуу округдан талапкер болууда. Алар 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышып жатышат.

Депутат анын «округ боюнча алдыда болуп атканы» атаандаштарына жакпай, бул аларды административдик ресурс колдонууга түрткү кылган эсептейт.

Бекешев 15-ноябрда үгүтчүлөрү «кармалып баштаганын», алардын арасында жашы жете элек балдар болгонун да билдирген. Бирок депутат кармалган балдардын ага тиешеси жоктугун айткан.