Медер Алиев дебатта атаандаштарына парламентаризмди өнүктүрүү тууралуу суроо берди

Советбек Зикиров/Медер Алиев. Сүрөт: КТРК

23-ноябрда КТРК телеканалында парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринин дебаты өттү. Ага «Аруузат-Эл Кутунан» Советбек Зикиров, «Альянстан» Жанар Акаев, «Ынтымактан» Марлен Маматалиев жана «Ишенимден» Медер Алиев катышты.

Дебаттын экинчи турунда «Ишеним» партиясынын талапкери Медер Алиев дебаттын катышуучуларына «Эгер парламентке өтсөңөр, биздин өлкөдөгү парламентаризмди өнүктүрүү үчүн эң биринчи кайсыл мамлекетке барып тажрыйба алып келет элеңер?» деген суроосун узатты.

*Медер Алиев 2020-жылдын 20-ноябрында тузүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында болуп, Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген позицияны карманган. Анткен менен 2012-жылы парламенттик башкаруу системасын колдоп, «Парламенттик система партиялык диктатордук кылуу эмес» аттуу макала жазган. Мурда «Демократ» партиясынын курамында болгон.

«Парламент менен парламенттик башкаруунун айырмасы бар»

«Аруузат-Эл Куту» партиясынын талапкери Советбек Зикиров учурда Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы орун алганын эске салды. Ал парламентаризм менен парламентти чаташтырбоого чакырып, Алиевден суроону тактап берүүнү өтүндү.

«Парламент менен парламенттик башкаруунун айырмасы бар. Көптөгөн эксперттер адашып жатышат. Парламент мыйзам жазылып, кабыл алынган жер. Ал эми парламентаризм таптакыр башка нерсе. Ошол себептен, суроону тактап коюу керек. Биз азыр президенттик башкаруудабыз*. Парламентаризмдин функциясы таптакыр башка. Мен Европада, Америкада Чилиде жашагам, чоң тажрыйбам бар. [...] Азыр кайрадан башка мамлекетке баргандын кажети жок, тажрыйбам жетиштүү», — деп жооп берди ал.

*Жаңы Конституция кабыл алуу жана өлкөнүн башкаруу формасын президенттике өзгөртүүнү Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон. Ага карабастан үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. 5-майда президент Садыр Жапаров 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койгон.

Ошондой эле, Зикиров парламенттеги депутаттарды санына гана эмес, сапатына жараша да реформа жүргүзүп, аялдарга жана чет өлкөдөн окуп келген докторлорго квота берилиши керектигин кошумчалады.

Советбек Зикиров, Медер Алиев, Марлен Маматалиев, Жанар Акаев. Сүрөт: КТРК

Маматалиев Арменияга, Акаев Улуу Британияга баргысы келет

Ал эми «Ынтымактын» лидери Марлен Маматалиев Алиевдин суроосуна парламентаризмди өнүктүрүү үчүн «Армения, Лондон менен Америкага барып келмекмин» деп жооп берди.

«Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Арменияны көрүп келет элем. Анткени ал жерде толугу менен парламенттик система жана премьер-министр жооп берет. Ошондой эле Лондонду көрүп келмекмин. Эгер алыскы мамлекеттерди карай турган болсок, Америкага дагы барып келмекмин. Биздикиндей премьер-министр жок болгону менен, парламенти күчтүү. Ошолордун практикасын көрүп келет элем», — деди Маматалиев.

«Альянс» партиясын баштап бараткан Жанар Акаев буга чейинки премьер-министрлер Грузияга «тажрыйба үйрөнбөй эле, айылчылап барып келишкен» деп билдирди. Ал эми Кыргызстан Улуу Британиянын тажрыйбасын карап көрсө болот деди.

«Мен Улуу Британиянын жыйындарын анча-мынча көрүп калам — оппозиция позиция болуп талкуулары жакшы өтөт. Менимче Улуу Британиянын тажрыйбасын келечекте карап көрсөк болот. Парламентаризмдин атасы ошол жерде. Атайын барып үйрөнүп келбесек дагы, чакырган тараптар болгондо салыштырып көрсөк болот. Бирок, биздин элдин менталитетине туура келген жагын гана алышыбыз керек», — деди Акаев.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Аруузат Эл Куту»: Депутаттар эки мөөнөттөн ашык шайлана албай турган мыйзам кабыл алабыз