«Аруузат Эл Куту»: Депутаттар эки мөөнөттөн ашык шайлана албай турган мыйзам кабыл алабыз

Советбек Зикиров

«Аруузат Эл Куту» аялдар партиясынын өкүлү Советбек Зикиров Жогорку Кеңешке депуттарды эки мөөнөткө гана шайлай турган мыйзам кабыл алынышы керектигин КТРКдагы дебатта билдирди.

Зикиров айрым депутаттар 30 жылдын ичинде 3-4 жолу шайланганын белгиледи. Ошондой эле дебатка катышып жаткан саясий партияларга токтолуп, «Ынтымак» жана «Альянста» Жогорку Кеңештин 10дон депутаты, «Ишенимде» 6 парламентарий шайлоого кайрадан катышып жатканын баса белгиледи.

«Биз парламентке келсек 40 күндүн ичинде люстарция мыйзамын иштеп чыгабыз. Депутаттарды эки мөөнөттөн ашык шайлана албай турган мыйзам киргизебиз. Ушул мыйзамды өткөрсөк 30 жылдан бери сиздерди тажаткан депутаттарды көрбөйсүңөр. Жаңы жүздөр керек», — деди Зикиров.

Ал эми Зикировдун оппоненттери анын пикирине кошулбай, мындай чектөө менен «жакшы иштеген депутаттар дагы шайланбай калышы мүмкүн» деп билдиришти.

22-ноябрда КТРКда парламенттик шайлоодо ат салыша турган «Аруузат-Эл Куту», «Альянс», «Ынтымак» жана «Ишеним» партиялардын арасында дебат өтүүдө.

Дебатка «Аруузат Эл Куту» аялдар партиясынан Советбек Зикиров, «Альянстан» депутат Жанар Акаев, «Ынтымактан» депутат Марлен Маматалиев жана «Ишенимден» Медер Алиев катышууда.

«Аруузат-Эл Куту» партиясы

Партиянын лидери катары Алмакан Бекова көрсөтүлгөн. Бекова өзүн космоэнергетик жана элдик табып деп эсептейт. 2014-жылы ал Курманбек Бакиев президент болгонго чейин андан кеп-кеңеш алып жүргөнүн билдирген.

Ал Курманбек Бакиевге «бир мөөнөттөн ашык башкарса жаман тагдыр күтөрүн» эскертип айтканын, ошондон кийин ал аны өлкөдөн кууп чыкканын билдирген болчу.

Бир жыл мурда Бекова парламентик шайлоого учурда «Ынтымакка» кошулуп барган «Чон казат» партиясынан аттанган болчу.