«Клооптун» атынан Текебаев тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

«Клооп» басылмасы жазды делип «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди каралаган материалдын бизге тиешеси жок. Жасалмаланган сүрөттү фейк аккаунт Фейсбукта бөлүшүп жатат. Эгерде сиз жалган маалыматты учуратып калсаңыз, аны таратпоого чакырабыз.

23-ноябрда Адамдар Арасында аттуу фейк аккаунт басылманын Фейсбукта чыккан материалдарынын бирин жасалмалап, аны Текебаевди каралаган маалыматка өзгөрткөн. Андан соң жасалмаланган сүрөттү тайпаларга тараткан.

Ошондой эле фейк ар кайсы басылмалардын логотиптерин колдонуп бир нече партия лидерлерин жана талапкерлерди каралаган постторду бөлүшкөн.

Алардын арасында саясатчы Өмүрбек Текебаев, талапкер Али Токтакунов, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров, аталган партиянын талапкери Орозайым Нарматова, депутат Рыскелди Момбеков тууралуу фейк маалыматтар бар.

Анткен менен фейк башка талапкерлерди колдоп бөлүшкөн посттору да бар. Мисалы бир мандаттуу округдан талапкерлер Улан Примов жана Шайлообек Атазовдун, «Азаттык» партиясынын үгүт материалдарын активдүү бөлүшкөн.

Кайсы бир басылманын атынан жарыяланды делген сүрөт форматындагы маалыматтарды редактирлөөчү программалар аркылуу оңой эле жасап алууга болот.

Эмне болуп жатат?

Үгүт иштеринин акыркы аптасында айрым талапкерлерди жана партияларды каралоо, алар тууралуу манипуляциялоочу фейк маалыматтарды таратуу күч алды.

Троллдор бул иштерине өлкөдөгү белгилүү ЖМКлардын логотиптерин колдонуп, башкаларга маалыматты ошол басылма тараткандай элес калтырууга аракет кылып жатышат. Мисалы «Клооптон» сырткары, «Азаттык» үналгасынын, Sputnik.kg басылмасынын, Next TV телеканалынын атын жамынышууда. Аты аталган басылмалар фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырышты.

Фейктер кантип иштешет?

Кыргызстанда шайлоо алдында фейк армияларынын, троллдор фабрикаларынын күч алышы көнүмүш адатка айланган. Мисалы былтыр эле жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо манипуляция кылганы үчүн Фейсбук Кыргызстандагы жүздөгөн аккаунттарды өчүргөн.

Төмөнкү видеодо биз фейк аккаунттар активистттерди, саясий партияларды, ал тургай ЖМКларды кантип жаман атты кылып жатканын түшүндүрүп бергенбиз:

«Клооп» басылмасынын социалдык тармактардагы расмий баракчалары төмөнкүлөр:

Facebook: Kloop Кыргызча

Instagram: Kloopkyrgyz

YouTube: Kloop кыргызча

Telegram: Кыргызстан жаңылыктары

Twitter: Kloop кыргызча

Одноклассники: Кыргызстан жаңылыктары

Whats App тайпабыз: Кыргызстан жаңылыктары

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?

«Балалап кетишине жол бербейли!» Бийлик каршы ой айткандарды кантип талатууда?

Фейктер аккаунттары реалдуу көрүнүшү үчүн кандай амалкөйлүктөргө барышат?