Фейсбук жана Инстаграмдан шайлоодогу манипуляция үчүн жүздөгөн фейк аккаунт өчүрүлдү

Фейсбук социалдык тармагынын командасы 2020-жылдын декабрь айына карата жүздөгөн фейк аккаунтту таап, аларды өчүрдү. Алардын баары жергиликтүү аудиторияны мээлеген үч башка түйүндүн катарына кирген.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча Фейсбуктун адистери фейктердин 17 кампаниясын таап токтоткон, алардын ичинен үчөө Кыргызстанда аныкталган. Баяндамада колдонуучулар бул түйүндөрдүн аз гана бөлүгүнө даттанышканы белгиленет.

Бул аккаунттар тобунун негизгилеринин бири «Медиа Центр» деген аталышты алып жүргөн.

«Биздин иликтөө Кыргызстандагы ЖМК тармагында, өкмөттө, ошондой эле “Медиа Центр” атттуу медиа-компания менен иш алып баруу тажрыйбасы бар адамдардын байланышын аныктады», – дешет адистер.

Алар бул фейк түйүндөрүнүн ишмердиги 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик жана 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоонун айланасында жүргүзүлгөнүн аныкташкан. Ошол эле учурда, Фейсбук билдиргендей, аккаунттар саясий дебаттардын «дароо бир нече тарабында ойношконун» кабарлайт.

Адистер Фейсбуктан 121 аккаунтту, 46 баракты жана 7 тайпаны, ал эми Инстаграмда 41 аккаунтту өчүрүшкөн. Алардын маалыматы боюнча, булардын баары Кыргызстандын аймагында түзүлгөн.

Өчүрүлгөн фейктердин дагы бир түйүнү бири-биринин постторуна жана белгилүү маалымат агенттиктердин жарыяларына комментарий жазууга багытталган. Ага Фейсбуктагы 92 аккаунт, 4 барак, 11 тайпа жана Инстаграмдагы 30 барак кирген. Фейсбук кабарлагандай, бул аккаунттар тобун өчүрүүдө аларга катталгандар дээрлик жок болгон.

Жок кылынган түйүндөрдүн эң ирисинин карамагында 193 аккаунт, 246 барак, Фейбуктагы 50 топ жана Инстаграмда 30 аккаунт болгон. Булардын баары Кыргызстандагы медиа-консалтинг тармагында тажрыйбалуу адамдар менен байланышта болгон. Өчүрүлүп жатканда катталуучуларынын саны чектелүү экени аныкталган.

«Клооп» жана Меди Полисинин Фейсбукка жөнөткөн сурамы

«Клооптун» авторлору жана Медиа Полисинин адистери парламенттик шайлоонун алдында иликтөөсү үчүн шайлоо алдында иштеген фейктердин маалымат базасын топтогон. Ал жакта партиялар менен саясатчыларды сүрөмөлөгөн 425 аккаунт болгон. Алардын ичинен Фейсбук изилдөөчүлөрдүн маалымат базасын алгандан кийин 400гө чукулу соцтармактан өчүрүлгөн.

Фейсбуктун адистери Медиа Полисиге дал ушул сурам компаниянын Борбор Азиядагы троллдор фабрикасынын ишмердигине көңүлүн бурдурганын жазышкан.

«Биз муну ички командаларга жеткирип, андан аркы иш-аракеттерди аныктоонун үстүндө ишибизди уланттык. Бул биздин платформалардын бүтүндүгүн сактоого туура жолдо экенибиз үчүн, ошондой эле январдагы шайлоонун шартында абдан маанилүү болгон», — деп жазат Медиа Полиси.

2020-жылдын 31-декабрында «Клооп» кыргыз интернетинде ишмердик жүргүзгөн троллдор фабрикасы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Журналисттер 800гө чукул фейк аккаунтту талдап, фейктер фермасы кандай иштеп, алар кимдерди коргогонун, бул сыяктуу «колдоо тобун» уюштуруу канча турарын аныкташкан.

Бул тууралуу кеңири бул жерде: Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?