Айылга спорт шаймандарын сатып берүү. Облустук прокуратура Култаеванын ишин жандантты

Гүлшаркан Култаева жана ал белек кылган машыгуучу жабдуулар. Коллаж: «Клооп»

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Гүлшаркан Култаевага жазуу түрүндө эскертүү берди. Буга талапкердин Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айылындагы машыгуу залына спорт жабдууларын алып бергени себеп болгон.

Мындан сырткары отурумда бул окуя боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканы кабарланды.

Буга чейин Аксы РИИБи бул ишти «кылмыштын курамы жок болгонуна» байланыштуу кыскартып салган. Аксы райондук прокуратурасы РИИБдин бул чечим «мыйзамдуу кабыл алынган» деп тапкан. Бирок Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергөөнү кайра жандантты.

«Эгерде “добуш сатып алуу” кылмышы далилденсе бул маселени кайра караганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал Жазык кодексинин негизинде да жоопкерчиликке тартылат [...] Бирок Боршайком конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин алкагында материалдар жетиштүү деп эсептейт», — деди Шайлдабекова.

«Депутат болуп кетиңиз!»

Гүлшаркан Култаева «добуш сатып алганы» тууралуу арыз БШКга 17-ноябрда түшкөн. Арызга тиркелген видеодо автор Култаевага айылдык спорт залга жабдууларды сатып бергени үчүн бир нече жолу ыраазычылык билдирген. Ошондой эле машыгуучу шаймандарды көрсөтүп, «буюрса 30-31-октябрда Ак-Сууга жетип барат» деп айткан.

«Гүлшаркан эже сизге чоң рахмат. “Ак-Суу элим, жерим, ушул жерде спортчулар көбөйсүн” деп жакшы нерселерди кылып жатасыз [...] Жаңы-Талаа элине дагы спорт зал салып бергенде чоң ийгиликтер болду. Кудайым буйруса бизде спортсмендер көбөйсүн. Рахмат сизге, Гүлшаркан эже! Аллах колдоп депутат болуп кетиңиз», — деген видоедогу үн.

Аксы РИИБи талапкер Култаева жана тасманын автору Арзыбек Күзөбаевди күбө катары суракка алган. Алар жабдуулар 10-октябрда сатып алынып, тасма 26-октябрда тартылганын айтып беришкен. Мындан улам милиция сотко чейинки өндүрүштү кыскартып салган. Күч органдарынын логикасы боюнча, Култаеванын кайрымдуулугу «үгүт иштери башталганга чейин жасалган», демек бул жерде кылмыш болгон эмес.

Анткен менен шайлоо мыйзамынын 28-беренсинде шайлоо күнү дайындалгандан тарта «талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок» деп жазылган. Президент Садыр Жапаров шайлоонун датасын 29-августта аныктаган.

Жабдыктар августта алынган...же октябрда

Ал эми БШКнын 23-ноябрдагы отурумунда «Ата-Журт Кыргызстандын» өкүлү машыгуучу жабдыктарды октябрда эмес, августтун башында сатып алганын билдирген.

«Ал өз көрсөтмөсүндө окуя август айларында болгонун жана ар жыл сайын талапкер өзүнүн кичи мекенине спортту колдоого жардам көрсөтүп келгенин түшүндүрүп берди», — деген «Ата-Журт Кыргызстандын» өкүлү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Култаева буга чейин Аксы РИИБне берген көрсөтмөсүндө жабдуулар 10-октябрда алынганын билдирип, «Ата-Журт Кыргызстандын» өкүлү башка датаны айтканын «туура эмес мамиле» деп атаган. Ошондой эле ал талапкер өз көрсөтмөсүн чек же башка документтер менен далилдеп беришин талап кылган.

«Ушул маалымат анык болсо, анда саясий партиялар, талапкерлер үгүт максатында шайлоочулардын арасында жакшы пикир жаратуу үчүн алдап жүрө берет турбайбы? “Азыр мына жардам берип жатат” деп. Анда илгери, беш жыл мурда жасаган жумуштарды деле “мына, жардам берип жатабыз” деп шайлоочулардын башын айлантып жаткан турбайбы? Туурабы?» — деп суроо салган Шайлдабекова.

Ал эми партиянын өкүлү буга так жооп бере алган эмес. Аксы райондук прокуратурасынын кызматкеринин айтымында, Култаева жабдыктарды алгач 10-октябрда алганын билдирип, кийинчерээк аларды 1-августта алганын айткан.

Шайлдабекова күч органдарынын өкүлдөрүнөн маалыматтар улам өзгөрүп жатканына байланыштуу акыркы маалыматты 24-ноябрда берүүнү талап кылган. Ал эми 24-ноябрда Култаева жабдыктарды шайлоо дайындалгандан кийин алып бергени аныкталды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.