«Ата-Журт Кыргызстандын» талапкеринин кайрымдуулугу: Аксы РИИБи мыйзам бузууну тапкан жок

Гүлшаркан Култаева жана ал белек кылган машыгуучу жабдуулар. Коллаж: «Клооп»

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Гүлшаркан Култаева өзүнүн кичи мекени болгон Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айылындагы спорт залга машыгуучу жабдууларды алып берди. Аксы РИИБи «кайрымдуулук» үгүт иштерине чейин болгонун жүйөө кылып, талапкердин аракетинде мыйзам бузуу тапкан жок.

Эмне болгон кайрымдуулук?

17-ноябрь күнү БШКга «Ата-Журт Кыргызстандын» тизмесинин №20 катар номурундагы талапкери Гүлшаркан Култаеванын үстүнөн арыз түшкөн. Анда Култаева Ак-Суудагы спорт зал үчүн тренажёрлорду сатып берип, добуш сатып алганы айтылган.

Арызга тиркелген видеодо автор Култаевага жабдууларды сатып бергени үчүн бир нече жолу ыраазычылык билдирген. Ошондой эле аларды көрсөтүп, «буюрса 30-31-октябрда Ак-Сууга жетип барат» деп айткан.

«Гүлшаркан эже сизге чоң рахмат. Ушул “Ак-Суу элим, жерим, ушул жерде спортчулар көбөйсүн” деп жакшы нерселерди кылып жатасыз», — деген ал.

Ошол эле жерден тартылган дагы бир видеодо белгисиз киши Гүлшаркан Култаева буга чейин да «Жаңы-Талаа аймагына спорт зал салып бергенин» белгилеген.

«Гүлшаркан эжеге чоң рахмат! Ар дайым колдоп келе жатат. Жаңы-Талаа элине дагы спорт зал салып бергенде чоң ийгиликтер болду. Кудайым буйруса бизде спортсмендер көбөйсүн. Рахмат сизге, Гүлшаркан эже! Аллах колдоп депутат болуп кетиңиз», — деген тасмадагы киши.

БШКнын жумушчу тобу аталган арызды карап чыгып, иликтөө үчүн ИИМге өткөрүп берген.

Жалал-Абад милициясы эмне дейт?

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» спорт шаймандарын талапкер Гүлшаркан Култаева сатып бергенин тастыктады. Ал «тренажёрлор 10-октябрда сатып алынып, тасма 26-октябрда тартылганы аныкталган» дейт.

Мындан улам Аксы РИИБи «кайрымдуулук үгүт иштери башталганга чейин жасалган» деп сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан жок.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган фактыда кылмыштын, жоруктун курамы же башка мыйзам бузуулардын белгилери аныкталган эмес», — деди Жээнтаев.

Басма сөз катчы «баары мыйзам чегинде экенин» айтып, нааразы тараптар прокуратурага кайрылса болоорун билдирди.

Эмне үчүн милициянын аракети күмөн жаратат?

Аксы РИИБи фактыны текшерүү учурунда Шайлоо мыйзамдарынын 28-беренесин эске албагандай. Аталган берененин 4-пунктунда талапкерлер жана алардын жакындары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары айтылат.

Мисалы буга чейин БШК №22 Жайыл шайлоо округунан талапкер Бактыбек Райымкуловго жана №11 Алай округунун талапкери Улан Примовго жазуу түрүндө эскертүү берген. БШК эки депутат тең «үгүт эрежелерин бузуп, парламенттик шайлоо дайындалгандан тартып жарандарга белек бергенин» аныктаган.

Кененирээк окуңуз: Шайлоо алдындагы кайрымдуулук. БШК Райымкулов жана Примовго эскертүү берди

Ал эми мурдараак БШК УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, №14 Жалал-Абад шайлоо округунун талапкери Шайырбек Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзгөнү» үчүн жазуу түрүндө эскертүү берген.

Буга Камчыбек Ташиев 22-октябрда Сузактагы Барпы айылынын тургунуна үй тапшырганы себеп болгон. Ал эми Барпы айылынын тургундарынын бири Абубакир Кадыров бул үйдү Камчыбек Ташиев «өз жанынан салып бергенин» билдирген. Ал эми «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов үй УКМКнын төрагасынын эсебинен салынганын бышыктаган.

Анткен менен Жалал-Абад ОИИБден Сузак райондук милициясына таянып, үйдү Камчыбек Ташиев эмес, ишкер Абдимиталип Мамитов жана айыл тургундары куруп беришкенин билдиришкен. Ал эми ачкычты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тапшырганын, «ошол учурда айылда болгондуктан тургундардын суранычы менен тапшырган» деп түшүндүрүшкөн.

Бирок милициядан эмне себептен алардын версиясы «Региондун» сюжетиндеги маалыматка дал келбешине комментарий бере алышкан эмес.

Кененирээк окуңуз: «Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Ташиев

Айбек Маткеримов жана Камчыбек Ташиев

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке каккан.

Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырган. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүргөн.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.