«Эйр Кыргызстандагы» коррупция. УКМК Эсептөө палатасынын эки кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 25-ноябрда Эсептөө палатасынын аудитору менен инспекторун коррупцияга шектелип кармады.

Атайын кызмат алар «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, мамлекетке 3 миллиондон ашык АКШ доллар зыян келтирилгенин «атайылап жашырышканын» маалымдады.

Шектүүлөрдүн үстүнөн «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды.

УКМКдан ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын кылмышка катыштыгынын бар-жогу тергелүүдө дешти.

«Эйр Кыргызстан» ААКсынын 100% акциясы мамлекетке тиешелүү. 2019-жылы ошол кездеги Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев заманбап учактардын жоктугунан улам «Эйр Кыргызстан» ишканасынын абалы оор бойдон калып жатканын билдирген.

Анын айтымында, «Эйр Кыргыстандын» болгону 4 учагы бар — экөө колдонулбай, биринин кыймылдаткычы бузулуп, 2017-жылдан бери автотоктотмодо турат. Ал эми экинчи учак лизинг төлөмдөрүнө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген.

Мындан сырткары, Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын, ошондой эле май менен камсыздаган компанияларга карыз экенин маалымдаган. Улуттук авиакомпаниясы инвестициялык сынакка коюлуп, эки жолу өткөн жок деп таанылган.

Буга чейин, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча прокурордун орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган. Маалыматка ылайык, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Видеодон шектүүнү тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери акыркы үлгүдөгү iPhone 13 Pro телефонун далил катары таап чыкканын көрүүгө болот.

Тема боюнча:

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды