iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда пара опузалоого шектелип кармалган Октябрь районунун прокурорунун орун басарынын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, прокурордун орун басары 2022-жылдын 17-январына чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынды.

Буга чейин, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча прокурордун орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган.

Маалыматка ылайык, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Видеодон шектүүнү тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери акыркы үлгүдөгү iPhone 13 Pro телефонун далил катары таап чыкканын көрүүгө болот.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн А.А.Э деген инициалдар менен берген. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, бул инициалдарга Алтынбек Айдаров туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Башкы прокуратурага Айдаровдун үстүнөн арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси «иштин чоо жайы такталбай эле алдамчылыкка айыпталып» жатканын жана прокурордун орун басары Алтынбек Айдаров арыздануучулар менен биригип алып ага карата кылмыш ишин козгоп жатканын айткан.

Ал эми 19-январда Бишкек шаарынын эки тургуну Айдаровдун үстүнөн арызданып Kaktus.media басылмасына кайрылган. Алар Айдаров «алдамчылыкка шектелген адамга жазадан кутулууга жардам берип жатканын» билдиришкен.

Тема боюнча дагы окуңуз:

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурдун орун басары пара опузалоого шектелүүдө