iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурдун орун басары пара опузалоого шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча прокурордун орун басарын пара опузалоого шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

«Тинтүү учурунда шектүү аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алганы тууралуу материалдык жана документтик далилдер табылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Видеодон шектүүнү тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери акыркы үлгүдөгү iPhone 13 Pro телефонун далил катары таап чыкканын көрүүгө болот.

Кармалган прокурордун үстүнөн «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн А.А.Э деген инициалдар менен берген. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, бул инициалдарга Алтынбек Айдаров туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Башкы прокуратурага Айдаровдун үстүнөн арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси «иштин чоо жайы такталбай эле алдамчылыкка айыпталып» жатканын жана прокурордун орун басары Алтынбек Айдаров арыздануучулар менен биригип алып ага карата кылмыш ишин козгоп жатканын айткан.

Ал эми 19-январда Бишкек шаарынын эки тургуну Айдаровдун үстүнөн арызданып Kaktus.media басылмасына кайрылган. Алар Айдаров «алдамчылыкка шектелген адамга жазадан кутулууга жардам берип жатканын» билдиришкен.

Буга чейин, 15-ноябрда УКМК Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүн пара опузалоого шектеп кармаган. Алар алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотууну убада кылып, Н.Д. аттуу жарандан 70 миң сом акча талап кылышкан.

Ал эми 4-ноябрда 80 миң сом пара опузалоого шектелип Бишкектин Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-октябрда Октябрь РИИБдин үч кызматкери «коррупцияга» шектелип кармалган. Аскер прокуратурасы Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков менен тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызын кармаган. Алар жалгыз бой энени камоо менен коркутуп, андан акча опузалашкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Октябрь РИИБнин жетекчиси жана тергөөчүлөрү пара опузалоого шектелип кармалды

УКМК: Биринчи май РИИБнин кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды