Мирбек Мияров Жапаров эмне себептен аны Чүйдүн башчысы кылганын түшүндүрдү

Мирбек Мияров.

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 24-ноябрда КТРКда өткөн партия лидерленинин дебатында октябрь окуяларынан кийин эмне себептен Чүй облусунун башчысы болгонун түшүндүрүп берди.

Дебаттын үчүнчү турунда көрүүчүлөрдүн бири «Губернаторлук кызматты сунуштаганда Мияров партиялык принциптерди унутуп, аны колдогон жаштарды сатып бийликке жабышты. Бул шайлоодо дагы кызмат сунуштаса баса береби?» деген суроосун узатты.

Мирбек Мияров ал толкундоолордун шартында мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Жапаров сунуштаган кызматка барганын билдирди.

«Бийликке жабышып деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени бешинчи октябрда болгон окуяда мамлекеттин бүтүндүүлүгүн сактап калуу маанилүү болчу. Мага сунуш кылган себеби, Чүй облусунун эли толкуп, Жапаровдун биринчи эле суроосу “Чүйдөгү толкундоого туруштук бергенге канчалык дараметиң жетет” дегени болду. Мамлекет ошондой кырдаалга кабылганда партиянын принциби деген сөз артта калышы керек», — деди ал.

Ошондой эле Мияров аталган кызматта көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганга умтулганын, бирок убакыт берилбегенин белгиледи.

Ага чейин, ошол эле дебатта Мирбек Мияров Кыргызстандын мыйзамдарын жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайыктап инвентаризацияны алтынчы чакырылыштын депутаттары жасабашы керек деген пикирин билдирген. Анткени учурдагы Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугу өзү күмөн жаратарын айтат.

Мияров 37 жашта, Чүй облустунун Жетиген айылында төрөлгөн. Ал 2019-жылы түзүлгөн «Ордо» партиясынын жетектейт. «Ордо» партиясы 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламентик шайлоодо шайлоочулардын 0,18% добушун алган.

Мияров 15-октябрда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматтан 2021-жылы 10-мартында кеткен.

Октябрь окуялары

2020-жылдын 5-октябрындагы митинг. Сүрөт: «Клооп»

6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар митингге чыгышкан. Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү алар колония жана тергөө абактарынан бир катар саясатчыларды бошотуп чыгарышкан — алардын арасында адамды барымтага алуу үчүн жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаров да болгон.

Абактан чыккандан кийин Жапаров тарапкерлеринин коркутууларынын жардамы менен өкмөт башчыны, президентти жана парламент спикерин отставкага кетире алган. Алгач ал министрел кабинетин жетептеп баштап, андан соң президенттин милдетин аткара баштаган.

Шайлоого катышуу үчүн ал өз ыйгарым укуктарын тапшырган, бирок президенттин м.а. жана парламенттин спикери кызматына үзөңгүлөшү Талант Мамытов келген. Анын дагы бир үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгына дайындалган. Мындан башка маанилүү кызматтарга да анын тарапташтары келген.

2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон. Кийинчерээк 28-январь күнү филармонияда анын инаугурациясы өткөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Мирбек Мияров: Азыркы чөнтөк парламент инвентаризация жасаса, анын кереги жок