Мирбек Мияров: Азыркы чөнтөк парламент инвентаризация жасаса, анын кереги жок

Мирбек Мияров

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 24-ноябрда КТРКда өтүп жаткан дебатта Кыргызстандын мыйзамдарын жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайыктап инвентаризацияны алтынчы чакырылыштын депутаттары жасабашы керек деген пикирин билдирди. Анткени учурдагы Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугу өзү күмөн жаратат.

«Эгерде [мыйзамдардын] инвентаризациясын азыркы “чөнтөк” парламент карай турган болсо же бул мыйзамдын баарын инвентаризацяисынын алып келип туруп, жаңы парламентке сунуш кыла турган болсо — бул жерде эки ачакей маселе жаралат да[...] Бүгүнкү күндө суроо беришибиз керек [алтынчы чакырылыштын депутаттары] мыйзамдуу отурабы же мыйзамсызбы? Анткени Конституцияда так жазылып турбайбы: [парламенттин мөөнөтү] беш жылдан ашпашы керек деп», — деди Мияров.

Ошондой эле Мияров инвентаризация сөзсүз түрдө керек экенин белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттары бир-бирине «кнопка басуу» ыкмасы менен жылына 1,5 миңдей мыйзам кабыл алганын билдирди.

Ошол эле учурда Мияров буга чейинки мыйзамдар «жакшы жазылганын, бирок аткаруу бийлиги начар болгон» деп эсептейт.

Экс-премьер-министр Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын март айында мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомство аралык комиссия түзгөн. Аталган комиссия Кыргызстандын кабыл алынган мыйзамдарынын, концепцияларынын, стратегияларынын жана программаларынын Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн инвентаризация жүргүзмөк.

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 5-майында жаңы Конституция кабыл алынып, өлкөдө президенттик башкаруу системасы орногон. Мындан улам жалпысынан 365 мыйзамды жаңы Конституция жана Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерине дал келтирүү үчүн инвентаризациялоо башталган.

Анткен менен юристтер жана эл аралык уюмдар Кыргызстандагы инвентаризациялоону сынга алышкан.

Мирбек Мияров өткөн жылы бийликтин алмашуусунан кийин Чүй облусунун башчысы болуп дайындалган. Бирок ал үстүбүздөгү жылдын март айында кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Юристтер президентке мыйзамдарды «шаша-буша» инвентаризациялоо кооптуу экенин эскертишти

HRW Кыргызстандагы мыйзамдардын инвентаризациясын сынга алды