«Социал-демократтар»: Депутаттар жетеленме болуп жүрүп өлкөнү ушул абалга алып келишти

Айчүрөк Камаева

КТРКда 26-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева парламентти алтынчы чакырылышы «саясий эркин көрсөтө албай, жетеленме болгондуктан өлкөнү бүгүнкү абалга алып келишти» деп билдирди.

«Өткөндө кайсы бир саясатчы "бизге бир аз гана депутаттар керек" деп айтты. Ал мамлекеттик позициясын билдирип койду. Бизди бул кооптондурат. Себеби биз өзүбүз көрдүк. Бекеринен буга чейинки парламент "чимкирик" атка конгон жок […] Парламентке элдин бийликти жактаган парламент келиши керек», — деди Камаева.

Байсалов: «90 депутаттын ою маанилүү эмес»

13-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтыша кеткен.

Эфирде Байсалов жаңы парламент шайлангандан кийин министрлер кабинети туруктуу «президенттин саясатын колдогондор» менен гана иштей турганын айткан.

«Бизге азыр 90 депутаттын оюу маанилүү эмес. Биз ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштешебиз. Алар биздин мыйзамдарды кабыл алышат. Калгандары [депутаттар], каршы чыгып, буттары менен жер тепкилесе дагы, биздин [минкаб] кылыбыз кыйшайбайт. Силер бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүү жолуна түшөбүз», — деген Байсалов.

Анда Текебаев жооп катары Байсаловдун билдирүүсүн «“өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” режими» деп атаган. Ал өз сөзүндө «бүгүнкү азчылык, келечекте көпчүлүккө айланып кетүүсү мүмкүн экенин» баса белгилеген.