«Партиялык коррупция сизден башталган». Байсалов менен Текебаевдин айтышы уланууда

Өмүрбек Текебаев жана минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 

Эмне болду эле?

13-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтыша кеткен.

Эфирде Байсалов жаңы парламент шайлангандан кийин министрлер кабинети туруктуу «президенттин саясатын колдогондор» менен гана иштей турганын айткан.

«Бизге азыр 90 депутаттын оюу маанилүү эмес. Биз ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштешебиз. Алар биздин мыйзамдарды кабыл алышат. Калгандары [депутаттар], каршы чыгып, буттары менен жер тепкилесе дагы, биздин [минкаб] кылыбыз кыйшайбайт. Силер бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүү жолуна түшөбүз», — деген Байсалов.

Текебаев жооп катары Байсаловдун сөзүн «“өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” режими» деп атаган. Ал өз сөзүндө «бүгүнкү азчылык, келечекте көпчүлүккө айланып кетүүсү мүмкүн экенин» баса белгилеген.

«Кылыбыз кыйшайбайт деген Сооронбай [Жээнбеков] азыр каякта? Кылыбыз кыйшайбайт деген Алмаз [Атамбаев] каякта? Силерге окшоп, кылыбыз кыйшайбайт деген Бакиевдин адамдары каякта? Эл менен эсептешиш керек. Чындыкты эске алыш керек, кызматташууга ачык болуш керек. 40 депуттатын артында 3 миллион калк турат. Алар менен эсептешпейбиз деген туура эмес», — деген «Ата Мекендин» лидери.

Бир канча күндөн кийин Текебаев менен Байсаловдун кайым айтышы уланып жатат — эми алар бир-бирин видео кайрылуу аркылуу сынга алышты.

«Партиялык коррупция силерден башталган»

Байсалов фейсбук барагындагы кайрылуусунда учурдагы жаштардын чет өлкөлөргө мигрант болуп кетиши, билим деңгээлинин сапаты, завод-фабрикалардын жок болушу — Текебаевдин ишинин кесепети экенин айтты.

«Бардык кыргызстандыктар сизге ишенген. Бийликтин баары сиздин колуңузга тийген. Анан эмне болду? Партиялык коррупция сизден башталды [...] Фракцияңыздан жаныңызда бир эле [депутат] Наталья Никитенко калды. Мен эми сизге ийгилик каалайм. Сиздин ордуңуз кыргыздын төрүндө, мына менин төрүмдө. Бирок дайыма эле кыргызга менден башка эч ким күйбөйт, кыргыз эли менден башка эч кимге кереги жок дегенди ченеп айтсаңыз. Биз да барбыз, биз дагы чыктык, жетиштик. Ушул доор бүтсүн, жаңы доор келсин деп өзүбүз кандайдыр бир ишти колубузга алып атабыз. Күрөшкө тойбогон адамдай болбоңузчу», — деди Байсалов.

Ошондой эле, Байсалов Текебаевге 2010-жылы «70 тен ашык кырчындай жаштар сизге ишенип өмүрүн берген» деп билдирди.

Андан сырткары ал партия мүчөлөрүн тандоо саясатын дагы сынга алды.

«Баланча депутат ошол замат Садыр Жапаровдун тарабына өтүп кетти деп айттыңыз. Эмне үчүн аны тизмеге киргиздиңиз эле? Эмнеге фракцияга алып жатасыз андай адамдарды?» — деди ал.

«Колдон колго өткөнсүң»

Өзүнүн кайрылуусунда Текебаев азыркы жана мурунку саясатчылардын көбү, алардын ичинен Байсалов өзү дагы «Ата Мекенден» чыкканын эске салды.

«Эдил, сен дагы “Ата Мекенде” болгонсун. Сен акыркы жылдары бийлик тарапта, Сооронбай Жээнбековдун жанында болдуң. Бүгүн дагы колдон колго өтүп, бүгүнкү бийликтин тарабындасың [...] “Ата Мекенде” бүгүн да адам көп, бүгүн биз оппозициядабыз. 2020-жылы кезекке туруп, агылып келген мүчөлөр, албетте бүгүн азырак. Анткени мен камалып да көрдүм, куугунтукталып да көрдүм. Башыңа кыйынчылык түшкөндө күндүзү шам менен издеп таба албай калган адамдар болот. Салам айтпай качып кеткен адамдар болот. Ал эми башыңа иш түшкөндө да качпагандар — бул чыныгы жолдоштор», — деди саясатчы.

Текебаевдин кайрылуусун «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчороев фейсбук барагына жарыялады. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Туран» партиясы «Ата Мекенге» кошулган.