Өмүрбек Текебаев: Бийлик менен макул болбогон саясатчыларды Жапаров менен Ташиев коркутуп жатат

Өмүрбек Текебаев. Скрин BBC'нин түз эфиринен алынды

Парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин №1214 шайлоо участогунда добуш берип чыкты. Ал журналисттерге маек куруп «азыркы бийликтегилер добуш сатып алууларды минималдаштырууга аракет кылышты» деп билдирди.

«Эми сатып алуунун баарын бир күндө токтотуш кыйын, анткени бул маданияттын бир бөлүгү болушу керек. Адамдар өздөрү “жок” деп айткандай болушу керек. Ошондуктан “кынтыксыз, эч сатып алуулар болгон жок” деп айтууга кыйын», — деди Текебаев.

*2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бийликчил «Биримдик» — 24,5%, Матраимовдорго тийиштүү «Мекеним Кыргызстан» — 23,68% жана «Кыргызстан» — 8,71% добуш алган. Үч партия 120 мандаттын 107сине ээ болушмак. Ал эми шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларга нааразы болгон жарандар мөөнөтсүз митингге чыгышып, анын жыйынтыгы менен бийлик алмашкан.

Ошондой эле Текебаев учурдагы бийлик менен макул болбогон саясатчыларды президент Садыр Жапаров баш болуп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев төш болуп «коркутуп жатканын» айтты.

«“Шайлоодо да болот, шайлоонун эртеси да болот, анан көрөбүз — керек болсо камайбыз” деп [...] Мунун өзү потенциалдуу талапкерлерди коркутуп, “кызыл жарык” күйгөн партияларга барбай, “жашыл жарык” берген партияларга берүү этабында башталат», — деп билдирди саясатчы.

Буга чейин Садыр Жапаров шайлоодон кийин Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

Ал эми Камчыбек Ташиев УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн ачылышында мыйзам бузган талапкерлер «кылган ишине, коомдогу ээлеген ордуна же мамлекеттик кызматтарда иштеген туугандарына карабастан» жоопкерчиликке тартылат деп билдирген. Ташиев мыйзам бузгандар шайлоо бүткөндөн кийин да жоопкерчиликке тартыла турганын кошумчалаган.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.

Кыргызстан боюнча 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталды — алар партияга добуш бере ала турган шайлоочулар. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түздү.