Камчыбек Ташиев: Шайлоого бир апта калганда добуш сатып алуулар башталат

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпайт» жана талапкерлердин «добуш сатып алуусуна жол берилбейт» деп билдирди. Мындай билдирүүнү Ташиев 10-ноябрда УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылыш аземинде айтып чыкты.

Ташиевдин айтымында, эскертүүлөргө карабастан айрым талапкерлер шайлоого аз убакыт калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатышат. Мындан улам УКМКнын кызматкерлери мыйзам бузууларды «күнү-түнү көзөмөл кылышы керек» деп эсептейт Ташиев.

«Бизде маалыматтар бар, көптөгөн талапкерлер күтүп отурушат: “Мына [шайлоого] бир апта, эки-үч күн калганда добуштарды сатып ала баштайбыз” деп. Бир апта, эки-үч күн калганда [шайлоого] күнү-түнү уктабашыңар керек. Күнү-түнү көзөмөл кылышыңар керек. Эгерде кайсы бир жерде силер билбей калып, добуштарды сатып алуу процесстери жүрүп кеткен болсо — ошол жердеги биздин кызматкерлер жазаланат», — деди Ташиев УКМК кызматкерлерине кайрылып.

Ошондой эле, УКМКнын башчысы айрым талапкерлер программасын айтуунун ордуна «атаандаштарын каралап жатканын» билдирди.

«Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Тилин тыйып, элге туура маалымат берип, программасын түшүндүрүп, добуш алып келсин. Биз мамлекет тарабынан шарт түзүп берип жатабыз [...] Алар дагы талапкерлердин этикасын сакташы керек. Бирок аны сактабастан кайдагы калп маалыматтарды таратып, мамлекет башчысына жана бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерге ар түрдүү сөздөрдү айтып жатышат», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы эгерде кайсы бир талапкер мыйзамды бузса «анын кылган ишине, коомдогу ээлеген ордуна же мамлекеттик кызматтарда иштеген туугандарына карабастан» жоопкерчиликке тартылат деп ишендирди. Ташиев мыйзам бузгандар шайлоо бүткөндөн кийин да жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти.

«Эгерде биз талапкер элди сатып алып шайланганын далилдей турган болсок, ал талапкерди алып салабыз. Ал депутат болбойт. Мыйзам бузуу менен эч ким депутат болбошу керек», — деди ал.

Ошондой эле атайын кызматтын башчысы президент Садыр Жапаровдун шайлоого байланыштуу жарлыгын эске салып, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштери менен алектенүүсүнө тыюу салынганын белгиледи. Ташиев буга чейинки шайлоолордо «административдик ресурс толук колдонулуп жүргөнүн» айтып, бирок азыр буга бөгөт коюлганын билдирди.

Жапаровдун эскертүүсү

Өлкө башчы Садыр Жапаров 13-октябрда жаңы түзүлгөн министрлер кабинетинин курамы ант бергенден кийин, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, алар «добуш сатып алууну токтотсо, административдик ресурс колдонулбайт» деп убадалаган.

«Шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет. [...] Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз», — деген Жапаров өз сөзүндө.

Ал эми 10-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди жана жетекчилерди шайлоо процессине аралашпоо талабын койгон. Минкабдын башчысы эгерде жетекчилер ээлеген кызматынан кеткиси келбесе, анда алар президенттин жарлыгын так аткарышы керек деп шарт койгон.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде мыйзам бузуу болуп, президентинин жарлыгы жетиштүү деңгээлде аткарылбаганы үчүн ОшМУнун ректору, деканы жана үч мугалими жумуштан бошотулганын билдирген. Буга аталган окуу жайдын студенттери «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышаны негиз болгон.

Тема боюнча дагы окуңүз:

«Жазалоо катуу болот». Оштун мэри кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскертти

Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

«Азаттык» партиясы жана студенттер. Ош ШИИБи админресурс колдонуу фактысын иликтейт