Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара

Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрүүгө аракет кылып, бирок түшүндүрө албай адашып жатышат.

Ал эми Боршайкомдон негизги программа үзгүлтүккө учурабаганын, сайттагы маалыматтар «таблицадагы кичинекей бир формула туура эмес жазылып калгандыктан» бурмаланып жатканын айтышууда.

Эдил Байсалов, Нуржан Шайлдабекова, Марат Иманкулов, Талантек Масадыков.

Коопсуздук кеңештин эки өкүлү БШКнын серверине болжолу чет өлкөдөн хакердик чабуул болгонун билдиришти.Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, «бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн».

Эмне болду эле?

БШКнын сайтында автоматтык урналардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда үзгүлтүк орун алып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялап, бирок ал да туура болбой жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, алардын добуштары жоголуп кеткен.

Жалпысынан, мыйзам боюнча добуштардын кол санагы артыкчылыктуу болуп саналат. АСУнун жыйынтыктары дайыма эле алдын ала маалымат деп эсептелет.

БШКнын түшүндүрмөсү

Нуржан Шайлдабекова.

БШКнын сайты эмнеге үзгүлтүккө учураганын партиялар эле эмес, коомчулук дагы түшүнө албай жатат. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес», — деп түшүндүрдү БШКнын төрайымы.

Байсалов «саботаж» тууралуу

Бирок Шайлдабекованын түшүндүрмөсүнө минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ынабадыбы, айтор, ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын эфиринде Боршайкомдун системасынын ишиндеги үзгүлтүк — «кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн» деп билдирди.

«Үзгүлтүк — бул бул жерде баарыбыз урушуп кетишибиз үчүн жасалган чоң чагым. Бул оюнчук эмес. Бул баарыбызга чабуул, диверсия, саботаж жана мамлекетүүлүгүбүзгө доо кетирүү аракети. Алар кыргыздарга балта чапкылары келип жатат», — деп билдирди Байсалов.

«Хакердик чабуул»

Байсаловду коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов дагы колдоп жатат. Ал Байсаловдун оюн андан ары улап, Боршайкомдун сервери хакердик чабулга кабылганын билдирди.

Анын айтымында, серверге болжолдуу 20 өлкөдөн хакерлер чабуул жасашкан. Бирок ал, сервер жакшы корголгондуктан жабыркабаганын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы орун басары Талатбек Масадыков да серверге чабуул болгонун айтты. Бирок ал «сервер тургун жерге сырттан кийлигишүү болбогонун» баса белгиледи.

«Президенттин атайын тапшырмасы менен мен сервердин ишине көзөмөл кылууга бекитилдим. Сервер турган жерге сырттан кийлигишүү болгон жок. Эртеден кечке мен өзүм ага көзөмөл кылып турдум», — деп келтирет «Азаттык» Масадыковдун айткандарын.

Ал акырына чейин сервердин коопсуздугуна күмөн санаганын, аны коргош үчүн имараттын кире беришине милициянын кошумча күчтөрүн тартканын кошумчалады.

Масадыков электрондук системанын үзгүлтүккө учурашы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбей турганын да белгиледи.

«Бардык добуштар кол менен саналып чыкмайынча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкпайт», — деди ал.