Эртең Жогорку Кеңеште үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселеси каралат

Төрөбай Зулпукаров / Асылбек Жээнбеков / Бакытбек Жетигенов

Жогорку Кеңеш 1-декабрда депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду жоопко тартуу үчүн комиссия түзүү маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.

Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестиги боюнча маселени 26-ноябрда карамак. Бирок анда кворум чогулган эмес.

Атайын комиссия түзүүнү Башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгеледи.

Чуулгандуу «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелген Жээнбеков менен Зулпукаров 2021-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-ноябрда алардын камактагы мөөнөтүн 2022-жылдын 30-январына чейин узарткан.

Күмтөр кениндеги коррупция боюнча бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер кармалган. Ошол эле мезгилде, тергөө учурунда экс-депутаттар Талант Узакбаев жана Исхак Пирматов гана коррупцияга күнөөлү деп табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.

Бакытбек Жетигенов эмнеге айыпталып жатат?

Ал эми депутат Жетигенов 26-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууга камынган топтун катарында болгонун билдирген. 29-ноябрда Биринчи май райондук соту Жетигеновду 26-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Аны менен бирге «Кыргызстан жашылдар» партиясынын талапкерлери Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешов, ошондой эле «Эл ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү Нурбек Калекеев, Азамат Мусакеев, Н. М. Большевиков, К. Сатар уулу жана Н. Сатынбеков камакка алынган. Жалпысынан УКМК 15тен ашуун киши кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүлөр массалык башаламандык уюштуруу үчүн миңге жакын киши чогулткан. Аларга бир катар экс-депутаттар, чиновниктер жетекчилик кылган.

Шектүүлөрдү тинтүү учурунда «кылмышка даярдыкты тастыктаган» курал-жарактар, баңгизаттар жана документтер табылган.