Таласта талапкер Мирлан Назарбековдун тарапташтары митингге чыкты

30-ноябрда Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында парламент депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун ондогон тарапташы нааразычылык акциясына чыгышты. Алар добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Манас округунан экс-спикер Дастан Жумабековдун алдыга чыкканына нааразы.

Митингге чыккандар парламенттик шайлоо адилетсиз өткөнүн айтып, участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууна талап кылууда.

«Ушул жердегилер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай нааразычылыкка чыгып атат. Биз көрсөткөн фактыларга көңүл буруңуздар. Ошол участкадагы шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жатабыз. Биз кадамдарды мыйзамдуу жол менен улантабыз. Өлкө башчылары өз эли менен эсептешип, чындыктын аягына чыгып берет деген ойдо келип отурабыз», — деди митингге катышкандардын бири.

Ошондой эле, Мирлан Назарбековдун тарапташтары алардын колунда Дастан Жумабековдун ишенимдүү кишилеринин участкаларда мыйзам бузганы тууралуу далилдер бар экенин белгилеп, аларга чара көрүүнү талап кылышты.

Аны мене катар, Назарбековдун тарапташтарынын бири президенттен баштап, БШКнын төрайымына чейин «шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганы» жөнүндө жолдомолорду жөнөткөнүн кошумчалады.

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламенттин экс-спикери, учурдагы депутат Дастан Жумабеков Манас округунан алдыга чыккан. Жумабековго 13 252 миң шайлоочу добуш берип, жалпы добуштардын 39,43 пайызына ээ болгон.

Ал эми Мирлан Назарбеков Жумабековдон 62 добушка артта калган. Башкача айтканда, ал добуштардын 39,24%ына ээ болуу менен экинчи орунга илинген. Бирок расмий жыйынтык добуштарды кол менен эсептегенден кийин чыгат.

Тема боюнча дагы окунуз:

Алдын ала жыйынтык боюнча Манас округунда Дастан Жумабеков алдыга чыкты

Дастан Жумабековго үч айып салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилди