Алдын ала жыйынтык боюнча Манас округунда Дастан Жумабеков алдыга чыкты

Дастан Жумабеков.

Парламенттин экс-спикери, учурдагы депутат Дастан Жумабеков Манас округу боюнча АСУдан алынган алдын ала жыйынттык боюнча алдыга чыкты.

Учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 100%ы саналып бүттү.

Андагы жыйынттык боюнча Жумабеков шайлоочулардын 39,43% добушуна ээ болгон. Башкача айтканда, ага 13 252 миң шайлоочу добуш берди.

БШКнын сайтынын скриншоту.

62 добушка аз алган талапкер Мирлан Назарбеков 39,24% менен экинчи орунга илинген. Эми кол санактан кийин расмий жыйынттыктар айтылмакчы.

Дастан Жумабеков өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен барган. «Кыргызстан» шайлоодо жеңишке жетишип, бирок добуш сатып алууга, шайлоочуларды массалык каттатууга жана административдик ресурс колдонууга айыпталган партиялардын катарында болгон.

Бир жыл мурун дал ушул күнү шайлоодогу нааразычылыктардан улам бийлик алмашкан, ал эми БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Жумабеков өзү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына 2015-жылы «Кыргызстан» менен келип, 2017-жылы парламенттин төрагасы болуп шайланган. Бирок октябрь окуяларынын шартында кызматын тапшырган.

Автору: Чолпон Бейшелен кызы