Дастан Жумабековго үч айып салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилди

Дастан Жумабеков

Борбордук шайлоо комиссиясына №20 Манас шайлоо округунан талапкер, депутат Дастан Жумабековдун үстүнөн беш арыз түшкөн. Анда талапкердин үгүт материалдарында чыгыш маалыматы жок экени, жакын адамдары шайлоо өнөктүгү учурунда кайрымдуулук кылганы жана шайлоочулар менен жолугушууда Кыргызстандын желегин геральдикалык негиз катары колдонгону айтылган.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Дастан Жумабековдун үстүнөн арызданган адам — Жылдызбек Музуратбеков. Музуратбеков буга чейин Көк-бөрү федерациясынын Таластагы жетекчиси болгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында анын ордун Дастан Жумабеков ээлеген болчу.

БШК арыздарды 23-ноябрда карады. Шайлоо комиссиясынын чечими менен Жумабеков 22,5 миң сом айып төлөмөй болду. Ошондой эле, ага жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди.

Арыздар эмне жөнүндө?

Музуратбеков эки арызында Жумабеков үгүт материалдарын чыгаруу жана колдонуу тартибин бузганын билдирген. Атап айтканда, Жумабековдун Фейсбук барагында жарыяланган үгүт ролигинде материалдын ким тарабынан жасалып, каржыланганы көрсөтүлгөн эмес.

*Шайлоо мыйзамынын 27-беренсине ылайык, үгүт материалдарында аны жасаган жеке ишкердин же уюмдун аталышы, материалды жасоого буюртма берген талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын аталышы жана башка маалыматтар көрсөтүлүшү керек.

БШКнын отурумуна катышкан Дастан Жумабековдун өкүлү ролик талапкердин аккаунтунда эмес, анын жакындары тарабынан түптөлгөн баракта жарыяланганын белгиледи. Ошондой эле ал үгүт видеосу талапкердин фондунан каржыланбаганын, штаб менен макулдашылбай жасалганын маалымдады.

Ошол эле учурда Жумабековдун өкүлү Фейсбуктагы видео жарыяланган барак талапкерге таандык экенин мойнуна алды. Анын айтымында, баракты үч колдонуучу башкарат.

«Биз кечирим сурайбыз, учурда ролик талапкердин барагынан өчүрүлдү», — деди ал.

Арыздын экинчиси Дастан Жумабековдун SuperTV’га берген маегине байланыштуу. Видео экс-спикер Жумабеков кичи мекени Талас облусунун Кара-Буура районунда тартылыпа, ал өзүнүн өмүр баянын айтып берген.

БШКнын жумушчу тобу SuperTV жана Дастан Жумабековдун ортосунда үгүт материалдарын жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүлгөнүн аныктаган. Анткен менен SuperTVнын алгачкы материалында ал Жумабековдун штабынан каржыланганы көрсөтүлгөн эмес.

Боршайком Жумабеков эки факты боюнча тең «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренсин бузган деп тапты. Ал 7,5 миң сомдон эки айыпка жыгылды.

Сабыр Жумабековдун бекер операциясы

Сабыр Жумабеков 16 жаштагы бейтап менен. Сүрөт: Super.kg порталы

Музуратбековдун үчүнчү арызы талапкердин бир тууган агасы, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековго байланыштуу болгон. Арыз берүүчү 13-ноябрда Super.kg порталында Сабырбек Жумабеков 16 жаштагы бейтапка акысыз операция жасап берүүнү убадалаган макала боюнча чара көрүүнү өтүнгөн.

*Шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде талапкерлер менен анын жакын туугандарына шайлоо күнү дайындалгандан тарта кайрымдуулук менен алектенүүгө тыюу салынган.

Ал эми талапкердин өкүлү жыйында Сабырбек Жумабеков буга чейин да акысыз операцияларды жасап келгенин жана бул үгүт иштерине тиешеси жок экенин белгиледи.

«[Жумабеков] жылына 1200-1500 операция жасайт экен — бул Кыргызстанда. Ушул күнгө чейин 35 миң операция жасаптыр, күнүнө беш-алты операция жасайт», — деди өкүл.

Анткен менен, БШКнын төрайымы анын сөзүн бөлүп, бул маалымат аргумент эмес экенин билдирди. Боршайком Дастан Жумабековдун бир тууганы кайрымдуулук менен алектенген деп таап, талапкерге 7,5 миң сом айып пул салды. Ошондой эле Super.kg порталында оозеки эскертүү берилди.

Ал эми Шайлдабекованын Жумабековго жазуу түрүндө эскертүү берели деген сунушун БШКнын мүчөлөрү колдогон жок.

Жумабеков, китептер жана чет өлкөлүк лидерлер

Ошондой эле, Музуратбеков экс-спикер шайлоочулар менен жолугушуулардын биринде үгүт китепчелерин таркатып жүргөнү тууралуу арыз жазган. Жумушчу топ териштирүү жүргүзүп, Жумабеков тууралуу баяндаган китепчелер 2020-жылдын август айында «Кыргызстан» саясий партиясынын эсебинен каржыланып басылып чыкканын аныктаган.

*«Кыргызстан» партиясы 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо 8,9% добуш алган.

БШКнын отурумунда мыйзамга ылайык, үгүт материалдары талапкердин шайлоо фондунан каржыланышы керек деп айтылды.

Мындан сырткары, отурумга катышкан Жылдызбек Музуратбеков Боршайкомдун мүчөлөрүнө таратылган үгүт материалындагы Жумабековдун чет өлкөлүк лидерлер менен түшкөн сүрөттөрүнө да көңүл бурууну өтүндү.

Арыздагы бардык жагдайларды карап чыгып, БШК талапкер Жумабековго жазуу түрүндө эскертүү берүүнү чечти.

Жумабеков жана Кыргызстандын желеги

Музуратбековдун дагы бир арызында Дастан Жумабеков 11-ноябрда Талас облусунун Покровка айылында шайлоочулар менен жолугушууда Кыргызстандын желегин геральдикалык негиз катары колдонгон деп көрсөтүлгөн. Тагыраагы, талапкер мамлекеттин желегин автобустарга чаптаган жана башка үгүт материалдарында колдонгон.

Бирок «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамында мамлекеттик желегинин сүрөтүн «геральдикалык негиз катарында пайдаланууга» тыюу салынган.

Ошол эле учурда, БШКнын жумушчу тобу шайлоо мыйзамында талапкерлерге мамлекеттик символдорду колдонууга чектөө коюлган эмес деп белгиледи. Мындан улам Боршайком мыйзам бузуу болгон эмес деп, айып пул салуудан баш тартты.

Бирок БШК Жумабековдун штабына «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамында каралган нормаларды сактоого чакырды.