Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин ар башка коомдук уюмдардын байкоочулары УШК мүчөлөрү протоколдордун көчүрмөсүн берүүдөн баш тарткан жагдайларга кабылды. Ошондой эле, УШК мүчөлөрү протоколдорду акт түзбөстөн кайрадан көчүрүп жазууга жол беришкен.
Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда протоколдор өз убагында берилбегени эмне үчүн коопту экенин түшүндүрөбүз.
Эмне болгон протоколдор?
Протокол — бул шайлоонун жыйынтыгын бекиткен негизги документ. Негизинен, кол санактан кийин протоколго өзгөртүү киргизүүгө жол берилбеши керек. Бирок документти толтурууда комиссия мүчөлөрү дайыма ката кетиришет.
Эгер УШК мүчөлөрү ошол каталарды оңдошсо, анда алар тийиштүү акт түзүүгө милдеттүү.
Протоколдор берилбей кайра көчүрүп жазылды
28-ноябрда шайлоо участкалары жабылары менен УШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкерлерге берилген добуштарды колго санап башташкан. Санап бүткөндөн кийин алар байкоочуларга протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бериши керек болчу.
Бирок өлкө боюнча көптөгөн шайлоо участкаларында бул протоколдордун көчүрмөлөрү байкоочулардын колуна тийген жок.
Алсак, аларды өлкө боюнча 300 участокко көз салган «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочуларына берүүдөн баш тартышкан.
«[…] ар кандай себептерден улам шайлоо участкаларынын болжолдуу 6%да фонддун байкоочуларына протоколдордун көчүрмөсү колго берилген эмес. Ошондуктан аларды сүрөткө тартууга туура келген», — деп билдиришти фонддогулар.
Бул тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясынан» дагы айтып чыгышты. Уюмдун өкүлү «Клоопко» курган маегинде алар өлкө боюнча 142 шайлоо участогуна байкоочу жиберишкенин, бирок шайлоо аяктагандан кийин участоктордун айрымдарында протоколдордун көчүрмөлөрү берилбегенин айтып берди.
«Башында бизге протоколдор тиркемеси жок (шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жок) бере башташкан […] Дээрлик таң атканга чейин [ошол боюнча беришкен] айрым [байкоочулар] алышкан, дагы бир бөлүгү [протоколдорду] бир канча күн аралыгында алышкан», — дейт ал.
Ал «Таза шайлоо» уюмунун байкоочулары дагы протоколдор кайра көчүрүлгөнүнө күбө болушканын кошумчалады. Анын айтымында, ассоциация бузууларга байланыштуу даттанууну көздөп жатат.
Протоколдордун көчүрмөлөрү берилбеген жагдайга «Кооптун»* байкоочулары дагы кабылган. «Клооптон» өлкө боюнча 1 400 байкоочу шайлоо участокторуна жиберилген.
Добуш берүү аяктагандан кийин алар да протоколдор массалык түрдө берилбей жатканын, документтин түп нускасы кайрадан жазылып жатканын кабарлашкан.
Мында участкалык комиссиянын мүчөлөрү протоколдор округдук шайлоо комиссияларында (ОШК) текшериши керектигине таянышкан.
Ош облусунун Октябрь айылындагы №5004 участкасында да ушундай болгон. «Клооптун» байкоочусунун айтымында, ал жакта протоколдорду толтурбастан эле ОШКга алып кетишкен.
ОШК деңгээлинде протоколдор кайрадан көчүрүлүп жазылып, мыйзамда каралгандай акттар түзүлгөн эмес, Мисалы, №35 Ак-Суу шайлоо округунун мүчөлөрү, протоколдорду, болжолу менен, административдик имараттын жертөлөсүндө — кошумча жашыруун бөлмөдө кайрадан көчүрүп толтурушкан. ОШК мүчөлөрү биздин байкоочу камерага тартып жатканын байкап, видеону өчүрүүнү талап кылышкан.
Биздин байкоочунун эскертүүсүнө округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү «байкоочуга көңүл бургудай убактылары жок» экенин айтып жооп беришкен.
Мындан сырткары, байкоочулар кээ бир участкаларда кол санак учурунда аларды киргизбей жатканын айтышкан. Бул тууралуу бир нече партия дагы билдирген.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Шайлоодо добуштар эки жолу саналат: алгач автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөр аркылуу, андан кийин колго. Мыйзамга ылайык, кол санактын жыйынтыгы расмий болуп эсептелет.
Добуштарды саноодо бурмалоо болбошу үчүн байкоочулар протоколдордун түп нускасын жана өзгөртүү киргизилгендерин сактап алышы керек. Анткени мыйзам боюнча, шайлоонун жыйынтыгы кол санактан кийин гана аныкталат.
Шайлоо күнү БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетти — анда маалыматтар жаңылыш көрсөтүлүп жатты. Мындан улам бир канча партиялар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санады.
Дал ушул себептен добуштарды колго саноонун маалыматтары ачык-айкын болушу керек. Бирок иш жүзүндө шайлоо комиссиялары кол санакты кандай жүргүзгөнү көптөгөн суроолорду жаратууда.
Ошондуктан кол санактын жүрүшү ачык айкын болуусу өтө маанилүү. Бирок иш жүзүндө, шайлоо комиссияларынын добуштарды кол менен саноосу боюнча талаштуу суроолор арбын.
*«Клооп Медиа» фонду шайлоону мониторинг кылуу үчүн юридикалык аккредитация ала алган эмес — акаредитациялоо өтүнүчү четке кагылганы тууралуу катка БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеевич кол койгон. Ошондуктан аккредитацияны биздин фонддун экинчи юридикалык жагы алды — «Коомар Медиа». Бирок окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн биз бардык жерге «Клооп» деп жазабыз.