«Клооптун» байкоочуларына кол санактын протоколдорунун көчүрмөсүн бербей жатышат

Кыргызстандыктар 28-ноябрда парламент депутаттарын шайлады. «Клооп» 1400 байкоочуну даярдап, шайлоо участкаларындагы шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн жөнөткөн. Бирок азыр бизге байкоочуларга кол санактын протоколунун көчүрмөсүн бербей жатканы тууралуу маалыматтар келип жатат.

Шайлоодо добуштар эки жолу саналат: алгач автоматтык урналар аркылуу, андан кийин колго. Мыйзам боюнча, дал ошол кол санактын маалыматтары шайлоонун жыйынтыгы деп саналат.

«Клооптун» байкоочуларынын баары УШК мүчөлөрү кол санактын протоколунун күбөлөндүрүлгөн копиясын бербей жатканын айтып жатышат.

Комиссия мүчөлөрү проколдорду бербей жатканын мындайча түшүндүрүштү: алгач протоколдорду округдук шайлоо комиссияларына алып барып, катасы бар-жогуна текшерүү керек. Ошондой эле алар көчүрмөлөрүн басып чыгарган техника жана кагаз жоктугуна таянышууда.

«Алар протокол сурап жатышат. Биз жыйынтыктарды чыгара элекпиз. Алар жаныбыздан кетпей талап кылып турушат. Баары бергиле деп суранып жатышат», — деп №3044 УШКнын мүчөсү ОШК өкүлү менен кеңешкен.

БШК добуштардын автоматташтырылган урна санаган эсебин шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо эле жарыялай баштаган. Бирок БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр жаралган — сандар жаңыланып калган.

Анын айынан БШК алгач жарыялаган маалыматтардын ортосунда олуттуу айырмачылыктар пайда болгон. Мисалы, кээ бир бир мандаттуу округдар боюнча добуш бергендердин саны БШК берген маалыматтан 2000 адамга айырмаланат.

«Жыйынтыктарды болушунча бурмалап жатышат»

Оппозициялык «Ата Мекен» жана «Социал-Демократтар» партиялары БШКны добуштарды бурмалады деп айыптоодо. Партиялар добуштарын жоготушту — сайт иштебей калгандан кийин «Ата Мекен» партиясы 20 миң добуштан ажыраган.


«Көп шайлоону көрдүк, мындай шайлоону көргөн эмеспиз. Туура, былтыр сатып алуулар болду. Былтыр добуштарды кол менен эсептешкенде, сатып алып келген добушу чыккан. Бүгүн анын баары бурмаланып, системаны жок кылып, эки эсе кылып баарын өзгөртүп койду», — деп билдирди «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев кайрылуусунда.


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалыматтардын ар башка болгонун «формуладагы кичинекей катачылык» менен түшүндүрдү.

Негизги системада эч кандай мүчүлүштүктөр жок, системанын баары бекем иштеп жатат. Маалыматтардын эсебин текшерип коюу оңой. УШКларда байкоочулардын баары АСУдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын алып жатышат, кол санакка чейин. Ар бири сайттагы маалыматтарды салыштырып көрсө болот», — деди ал.

Шайлоо аяктап калганда «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча шайлоо участкалардан 385 бузуу каттады. Алардын дээрлик жарымы – добуш берүүнүн купуялуулугун базуу, үчтөн биринен ашыгы – АСУ иштен чыккае учурлар. Андан тышкары, мыйзамсызсыз үгүт жүргүзү жана шайлоочуларды сатып алган болуусу мүмкүн делген 30 учурду каттады.

Буга карабай, ИИМдин төрагасы Улан Ниязбеков бир күн боюу 68 гана бузуу фактысы катталганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров болсо болуп өткөн шайлоону «калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өттү» деп атады.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, Жогорку Кеңешке 5% босогону 6 партия өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан»

«Ишеним»

«Ынтымак»

«Альянс»

«Бутун Кыргызстан»

«Ыйман Нуру»