Минкаб эл аралык «Бишкек-Сити» ишкердик борборун куруу үчүн мамдирекция түздү

«“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Минкабдын басма сөз кызматынан бул долбоор «Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө, анын эл аралык, чет элдик, финансылык түзүмдөр жана инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатууга, шаардын туристтик потенциалын натыйжалуу пайдаланууга багытталганын» билдиришти.

Буга чейин президенттин маалымат кызматынан «Бишкек -сити» Борбор Азиядагы ири ишкердик, архитектуралык жана маданий борбор болот деп белгилешкен.

Мамдирекцияны башкаруу үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, минкабдын төрагасынын биринчи орун басары анын төрагасы болуп дайыдалат.

Комитеттин ишмердигин уюштурууну техникалык жактан камсыздоо милдети ӨКМге жүктөлдү.

Бишкек. Сүрөт: «Клооп»

Мамдирекция эмне иш кылат?

Мамдирекциянын жобосуна ылайык, ал уюштуруу комитеттинин чечимдерин ишке ашырат.

Мамдирекция «ишкердик борборун долбоорлоо жана куруууда» министрликтер, жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдар менен иш алып барат.

Мамдирекциянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:

  • долбоордук уюмдарды тартуу менен ишкердик борбордун шаар куруу жана долбоордук документтерин иштеп чыгуу;
  • жалпыга маалымадоо каражаттарында ишкердик борбордун презентациялык иш-чараларын жана ишкердик борбордун курулушу жана иши боюнча жарнама өнөктүктөрүн өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
  • долбоорду ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, потенциалдуу инвесторлорду тандоо жана алар менен макулдашууларды түзүү.

Мамлекеттик дирекцияны башкы директор жетектейт, аны минкабдын төрагасы дайындап жана кызматтан бошото алат.

Бирок «Бишкек -Сити» ишкердик борбору кайсы жерге, качан курулары жана ага канча каражат кетери белгисиз.

Келечектин «Асман» шаары

Бул кыргыз бийлиги демилгелеп жаткан жалгыз эле дымактуу долбоор эмес. Буга чейин минкаб Ысык-Көлдө «Асман — келечектеги экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамдирекция түзгөн. Шаардын пилоттук долбоору 5-июлда тааныштырылган.

Долбоордун авторлору «4 миң гектар аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми шаардын көрүнүшү асмандан комузга окшошу керек.

Асман шаарынын долбоору. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Алардын идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу менен ишке ашырылат.

Ошондой эле, «Асманда» транспорттун экологиялык гана түрлөрү болоору маалымдалат. Мындан сырткары, жашыл экономика принциптери колдонулат.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы.

Кийинчерээк инвестиция министрлиги шаардын курулушун 20 миллиард долларга баалаган.

Тема боюнча:

«Асман экологиялык таза шаарын» куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлдү

Инвестмин Асман шаарынын курулушун 20 млрд долларга баалады