«Асман экологиялык таза шаарын» куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлдү

Минкабдын 8-октябрдагы токтому менен Ысык-Көл облусунда «Асман экологиялык таза шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлдү.

Токтомго ылайык, дирекциянын жетекчисин министрлер кабинети дайындайт жана бошотот. Жетекчиси болсо өзүнүн эки орун басарын кызматка дайындап, бошотуу укугуна ээ болот.

«Асман экологиялык таза шаар» долбоору. Сүрөт: Азаттык

Мамдирекция пилоттук долбоор ишке ашканга чейинки убакытка түзүлдү, аларды имарат менен камсыздоо Балыкчы шаардык мэриясына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жүктөлдү. Дирекция төмөнкү иштерди аткарат:

Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;

  • Асман шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткарат;
  • инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкарат;
  • долбоорго мониторинг жүргүзөт жана аны баалайт.

20 млрд АКШ долларга бааланган Асман шаары

«Асман экологиялык таза шаар» долбоору. Сүрөт: Азаттык

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор президенттин экс-кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда тааныштырылган. Анда туристтик жана инвестициялык потенциалы жогору аймактарды өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Долбоордун авторлору «4 миң гектар аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми шаардын көрүнүшү асмандан комузга окшошу керек.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Курулуш иштери 20 миллиард долларга бааланганы айтылган.

Авторлордун айтымында, долбоорду ишке ашыруу экономикага олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты көтөрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Алардын идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Тема боюнча:

Инвестмин Асман шаарынын курулушун 20 млрд долларга баалады