Инвестмин Асман шаарынын курулушун 20 млрд долларга баалады

Нурадил Бакасов. Сүрөт: Тенгриньюс

Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Бакасов Казакстандын «Тенгриньюс» басылмасына маек куруп, кыргыз бийлиги Ысык-Көл облусунда кургусу келип жаткан Асман шаарынын курулуш баасы тууралуу айтып берди. Интервьюда курулуш 20 миллиард долларга бааланганы айтылат.

«Бүгүн бул баалоонун гана баасы, себеби долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатат. Аталган маселе долбоорлоонун деталдык баасын жүргүзүп, анын негизинде “Асманды” ишке ашыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдай турган башкаруучу компаниясына жүктөлөт. Издөө иши жүргүзүлүп жатат, керектүү инфраструктураны тартуу жана керектүү инфраструктура менен камсыздоо боюнча иш жүрүп жатат», — деди Бакасов. Анын пикиринде, 2022-жылы биринчи келишимдер түзүлүп, ал тургай долбоорлоонун акыркы баскычтары аяктайт.

Бакасов эко-шаардын курулушу инвесторлорду кызыктырып баштаганын айтууда.

«Көптөгөн өлкөлөрдүн инвесторлору кызыктар экенин билдиришти. Предметтик сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек. Бүгүнкү күндө биз жалпы концепцияга каршы келбеген, [“Асман”] шаарынын долбооруна каршы келбеген шаар куруу үчүн ар бир инвесторго белгиленген аянтты берүүгө даярбыз», — деди ал.

Бакасовдун айтымында, Асман шаары тууралуу маалыматты Инвестициялар министрлиги көптөгөн өнөктөш өлкөлөргө, Персид куймасындагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы жана Түркиядагы инвесторлорго жөнөттү. Инвестмин шаардын курулушу чет элдик инвесторлорду кызыктырат деп эсептейт.

«Бул эко-смарт-шаар, башкача айтканда, “акылдуу” шаар. Анын концепциясы замандын жана дүйнөлүк коомчулуктун талабына жооп берет. Бул долбоор мамлекет тарабынан сүрөмөлөнүп жатат», — деди Бакасов.

Бакасов «Асман шаары» долбоорун ишке ашырган башкаруучу компаниясы түзүлүп, аны инфраструктура жана энергия менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.Ал курулуп баштала элек шаарды электр унаалары, «акылдуу үйлөрү», билим берүү хабдары жана индустриалдык бакчалары бар шаар катары дагы сүрөттөдү.

«Бул шаарды куруу жана долбоорлоо үчүн түзүлүп жаткан башкаруучу компания тарабынан бүгүн дүйнөнүн белгилүү архитекторлору, курулуш жана долбоорлоо менен иштеген компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат», — дейт Бакасов.

Өлкөнүн 10 жылдык бюджетин чапчыган шаар

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев бийликтин Ысык-Көл жээгинде эко-шаар куруу жана ал инвесторлорду кызыктыра алат деген дымактуу долбооруна карата мамилесин төмөнкүдөй билдирди:

«Алгач мен президенттин администрациясында кимдир бирөө наша чегип, жаңы Асман шаарын курууну кыялданган го деп ойлодум. Андан кийин бул эмне, жердин баасын кымбаттатып, андан ары сатуу максатында аймакты жарнамалоо боюнча алдамчылык схемасыбы деп ойлодум», — деп тамашалады ал фейсбук барагында.

Дастан Бекешев айтылып жаткан 20 млрд доллар бул Кыргызстандын 10 жылдык бюджети экенин дагы эске салды.

«Жарнамадан эл менен талкулоого өтүштү. Эми болсо шаардын курулушунун баасын аташты — 20 млрд доллар. 20 млрд — бул бүт өлкөнүн 10 жылдык бюджети. Мына бул турган борбор калаанын бюджети дагы 200 млн доллардан ашпайт», — деп жазды ал.

Ал «Асман» долбоору такыр ишке ашпай калат деген тобокелчилик чоң деп эсептейт.

«Жаңы президент менен жашап жатканыбызга жарым жылдан ашты, бирок эч ким так багыт бере албай жатат: бир жыл, беш жылдан кийин биз менен эмне болот, жашообуз жакшы жана куунак боло башташы үчүн эмне кылабыз? Бул суроолорго өлкөнүн лидери жооп бериши керек. Ал бизге бара турган жолду көрсөтүшү керек. Азырынча андай жол жок. Азырынча бирөөдөн тартып алуу, бирөөгө берүү, бир нерсени сунуштай коюп кайра баш тарта коюу аракеттери бар, бирок максаты жок. Макулатуранын көлөмүн тоннага көбөйтө турган кезектеги стратегияларды жазуунун кажети жок, өлкө лидери кайсы бир убактан кийин кай жерде болоорубузду, ал үчүн эмне кыла турганын айтып бериши керек. Ошондуктан Асман акча табылбай калгандан эмес, компетенттүү кадрлар менен бийликке ишенимдик жоктугунан ишке ашпай калган кезектеги кыял болуп кала берет», — деп ойлойт эл өкүлү.

Жомок-шаар, кыялдын-шаары...комуз-шаар

«“Асман” — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда тааныштырылган. Ал жерде туристтик жана инвестициялык потенциалы жогору аймактарды өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Долбоордун авторлору «4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми абадан шаардын көрүнүшү комузга окшошу керек.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Долбоордун авторлорунун айтымында, долбоорду ишке ашыруу экономикага олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле атамекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Алардын идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.