Алты компания, үч үй, үч машина жана 8,5 млн сом — алкомагнат Абдыкеримовдун декларациясы

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын кирешелери менен кыймылсыз мүлктөрү боюнча декларацияларын жарыялады.

Депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун 2020-жылга карата декларациясы жарыяланды.

Документке ылайык, ал бир эле жылда 8 514 141 сом киреше таап, 11 337 283 сом короткон.

Абдыкеримов эки батирге ээлик кылат: биринин аянты 288 чарчы метр, экинчисиники 100 чарчы метрди түзөт. Анын үч үйү бар: шаар сыртында аянты 12 чарчы метрлик дача, параметри ушундай эле дагы бир дача үйү жана аянты 1142 чарчы метр турак жай.

Алкомагнаттын башка дагы объектилери бар — алардын жалпы аянты 321 чарчы метр. Ошондо эле, аянты 471 чарчы метр бакчага ылайыкталган жер тилкелери бар.

Кыймылдуу мүлк бөлүгүндө үч автоунаасы көрсөтүлгөн — бир «Range Rover» жана эки «Mercedes-Benz».

Ошондой эле, декларацияда ишенимдүү башкарууга өткөрүлгөн мүлкү бар, бул компанияларды Абдыкеримовдун пайыздык үлүшү бар. Мындай алты компаниясы бар: «АЮ» ЖЧКсы (30%), «Дженерал Менеджмент» ЖЧКсы (69%), КФХ «Ак Сарай» (100%), «АЮ Констракшн» ЖЧКсы (35%), «Бермет» ЖАКы (47%), «АЮ Финанс» МКК ЖАКы (100%).

Шаршенбек Абдыкеримов деген ким?

2016-жылы алкомагнат Абдыкеримов Лондондогу The Tower – One St. George Wharf. мунарасында батири бар экенин тастыктаган.

Абдыкеримов — «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын учурдагы депутаты. Ошондой эле, ал Кыргызстандын олимпиада комитетин жетектеген. Жакында болуп өткөн парламенттик шайлоого Нарын бир мандаттуу округунан талапкер катары катышкан, бирок 19-ноябрда парламенттик шайлоодон талапкерлигин алып салганын билдирген.

Мындан тышкары Абдыкеримов «Аю Холдингдин» карамагындагы арак өндүргөн «Аю» заводунун негиздөөчүсү.

Алкомагнат Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады

Абдыкеримовдун Лондондун көк тиреген мунарасында батирге ээ экени ырасталды