Алкомагнат Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады

Жогорку Кеңештин депутаты, парламентке Нарын бир мандаттуу округунан талапкер Шаршенбек Абдыкеримов 19-ноябрда шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады.

Ал мындай билдирүүнү Ат-Башы районунда тууганы Жибек Молдоевага күйөө издөө боюнча жигиттер арасындагы кастинг учурунда жасады.

Эмне болгон кастинг?

10-ноябрда бир катар кыргыз ЖМКлары депутаттыка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов улуу кызына күйөө издеп кастинг жарыялаганы тууралуу маалымат жарыялашкан.

«Кыргызстандын бай адамдарынын бири менен куда-сөөк болууну

каалагандардын саны абдан көп, алардын катарында коңшу өлкөлөрдүн жигиттери да бар деп билдиришти штабдан», — деп айтылган ЖМКлардын маалыматында.

«Акипресс» басылмасы үгүт материалын жарыялаган учурда кыздын сүрөттөрүн да чыгарган. Ачык булактардан аталган кыз Улуттук олимпидалык комитеттин менеджери Жибек Молдоева экенин көрүүгө болот. Мындан тышкары Юстиция министрлигиндеги маалыматы боюнча, Молдоева «ССК 9х19» спорттук ок атуу клубунун ээси.

Аталган макала ЖМКларда үгүт материалы катары жарыяланып, талапкердин шайлоо фондунан төлөнгөн.

Шаршенбек Абдыкеримов деген ким?

Абдыкеримов — «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын учурдагы депутаты. Ошондой эле, Абдыкеримов Кыргызстандын улуттук олимпиада комитеттин жетектейт. Келе жаткан шайлоого ал Нарын бир мандаттуу округунан талапкер катары катышууда.

Мындан тышкары Абдыкеримов «Аю Холдингдин» карамагындагы арак өндүргөн «Аю» заводунун негиздөөчүсү болуп саналат.


Ага үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык экени белгилүү. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2014-жылы жер тилкесин сатуудан 110 млн. сом жана автоунаа сатуудан 2 млн. сом каражат тапкан.