Бишкек мэриясы 9-декабрда «Жер Ынтымагы» конушундагы өз билемдик менен үй курулган жер тилке ээлерине техпаспортторду бере баштады. Бул конуш үстүбүздөгү жылдын башынан тартып расмий жабылган Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында жайгашкан.
Тургундардын айтымында, алар конуш жайгашкан тилке санитардык-корголгон аймак болуп эсептелгендиктен 15 жылдан бери жерлерине «кызыл китеп» ала албай жатышкан. Санитардык эрежелерге ылайык, көрүстөнгө 500 метрге жакын үй курууга болбойт. Бирок айрым үйлөр бул чектен да жакын жайгашкан.
Техпаспортторду берүү
Конуштун тургундарына алгачкы он техпаспортту калаа мэри Айбек Жунушалиев тапшырды.
«Техпаспорт эмне берет? Бул жөн кагаз эмес. Эртең эл каттоодон өтүп, башка маанилүү документтерди алып алса болот. Социалдык кызматтарды ала алышат. Экинчи баскычта Жогорку Кенешке жөнөтүлгөн “Мыйзамдаштыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору бар, анын коомдук талкуусу күзүндө жыйынтыкталган. Ошол мыйзамдын негизинде күзүндө кызыл китеп берилип баштайт», — деп белгиледи шаар жетекчиси.
Айбек Джунушалиев «Жер Ынтымагы» конушунун тургундары менен жолугушууда. Сүрөт: 24.kg
Ал «тургундардын баарына документтерди кыска убакыттын ичинде берип бүтүү үчүн» муниципалитет техпаспортторду берүү ишин улантаарын кошумчалады.«Бул конушта 1200дөн ашык үй бар, алар техпаспортторду күтүп жатышат», — деп келтирет мэрдин айткандарын «Азаттык».
Көрүстөндү консервациялоо
Жунушалиев Түштүк-Батыш көрүстөнү үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып расмий жабылганына карабастан «кыдыруу учурунда жаңы көрлөр аныкталганын» айтты.
Көрүстөндү жабууга «Ала-Арча», «Жер-Ынтымагы» конуштарынын жашоочуларынын көптөгөн өтүнүчтөрү менен Мамэкотехинспекциянын, Санэпидемкөзөмөл жана «Бишкек башкы архитектура» чыгарган корутунду түрткү берген.
Бирок буга жаңы көр үчүн бош жерлер калбай калганы башкы себеп болгон. Түштүк-Батыш көрүстөнү 1975-жылы ачылган, ал жерде 170 миң адамдын сөөгү коюлган.
Жунушалиев буга байланыштуу шаардык кызматтар «жакын жердеги “Жер Ынтымагы” конушуна жакын санитардык зонаны кыскартыш үчүн» аталган көрүстөндү толугу менен консервациялоо ишин жүргүзүп жатканын билдирди.
«Бүгүнкү күндө Түштүк-Батыш көрүстөнү толугу менен консервацияланды, жабык. Анын үстүнө жолбун иттер жана жандыктар ары бери өтүп, ооруу ташыбасын деп тосмонун алдына топо төгүлдү. Анын негизинде санитардык аймакты кыскартууну көздөп жатабыз. Эгер азыр толук консервация кылсак, аны менен санитардык аймакты кыскарта алабыз, анын негизинде адамдарда мыйзамдаштырып, кызыл китеп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот», — деди шаар башчысы.
Буга чейин, шаардык муниципалитет борбор калаанын айланасындагы конуштарда, анын ичинде «Жер-Ынтымагында» көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоо үчүн изилдөө жүргүзө баштаганын кабарлаган. Мындан сырткары, минкаб 6-декабрда техникалык паспорттордун маселесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомду кабыл алган.
Ошол эле учурда муниципалитеттен техникалык паспортторду берүү мыйзамдаштырууга уруксат бербей турганын,ал «кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтый турганын» белгилешкен.
«Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат», — деп билдиришкен мэриядан.
18-ноябрда «Жер Ынтымак» жаңы конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митинг уюштуруп, алардын да жерлерин мыйзамдаштууруну талап кылышкан. Чогулгандар конуш жайгашкан тилке санитардык-корголгон аймак болуп эсептелгендиктен 15 жылдан бери жерлерине «кызыл китеп» ала албай жатканын айтышкан.
Жапаров митингчилер менен жолугуп, конушка адистер жөнөтүлөрүн, алардын корутундусунан кийин чечим чыгарын айткан. Өлкө башчысы конуштун тургундарына митингдер жер маселесин чечүүгө жардам бербесин да баса белгилеген.
«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13 миң гектарга чукул жер «айыл чарба» жери деп эсептелет, чынында ал жерлерге там салынып, конуштар пайда болгон.
Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын басымдуу бөлүгү 2005-жылдагы революциядан кийин жер басып алуунун натыйжасында пайда болгон. Сabar.asia аналитикалык порталынын маалыматына ылайык, акыркы 30 жылда борбор калаанын айланасында 50 жакын конуш чаржайыт пайда болгон.
Ошол эле маалда мындай конуштарда социалдык объектилер жок, жер тилкелердин тийиштүү документтери жоктугуна байланыштуу жергиликтүү бийлик бул көйгөйлөрдү чечүүдө кыйынчылыктарга туш болот.