Бишкек мэриясы: Жаңы конуштарда жер тилкелерине техпаспорт берүү иши башталды

Бишкек мэриясынын мобилдүү топтору 7-декабрдан тартып жаңы конуштардагы өз билемдик менен үй курулган жер тилкелерине техникалык паспортторду берүү ишин баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоо үчүн өз билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт», — деп белгилейт мэрия.

Ошол эле учурда муниципалитеттен техникалык паспортторду берүү мыйзамдаштырууга уруксат бербей турганын белгилешти.

«Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат», — деп билдиришти мэриядан.

Муниципалитеттен билдиришкендей, минкаб 6-декабрда техникалык паспорттордун маселесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомду кабыл алган.

Техникалык паспортторду алууга документтер биринчилерден болуп «Жер Ынтымак» жаңы конушунун тургундарына катталган.

«Жер Ынтымак» жаңы конушунун тургуну техникалык паспортту алуу үчүн документ толтуруп жатат. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муниципалитеттен мобилдик топтордун иш тартиби мэриянын сайтында жайгаштырылаарын кошумчалашты.

Президенттин тапшырмасы

2-декабрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ЖЭБ-2нин айланасындагы 47,7 гектар жерди «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө чечимге кол койгон.Бул ал жерде жашаган тургундарга жер тилкелерин мыйзамдаштырып алууга жол ачат.

Бул жерлерди трансформация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров ноябрда эле берген.

Мындан сырткары, 18-ноябрда «Жер Ынтымак» жаңы конушунун тургундары митинг уюштуруп, алардын да жерлерин мыйзамдаштууруну талап кылышкан. Чогулгандар конуш жайгашкан тилке санитардык-корголгон аймак болуп эсептелгендиктен 15 жылдан бери жерлерине «кызыл китеп» ала албай жатканын айтышкан.

Алар менен президент жолугуп, конушка адистерди жиберерин, алардын корутундусунан кийин чечим чыгарууну убада кылган.

Ошондой эле, 22-ноябрда «Ак ордо -3» конушунун тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров жергиликтүү чиновниктерге жер тилкелери боюнча маселени 1-апрелге чейин чечүү тапшырмасын берген.

«1-апрелге чейин ушул жерде жашап жаткан үй-бүлөлөр колуна техпаспортун дагы, “кызыл китебин” дагы алышы керек. Болбосо жазаңарды тартасыңар […] Бул [мыйзамдаштыруу] үй салынып калган жер тилкелерге гана тиешелүү. Үйлөр салына элек жер тилкелери боюнча, үй салбай туруңуздар, териштирүү бүткүчө шашпаңыздар», —деген Жапаров.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13 миң гектарга чукул жер «айыл чарба» жери деп эсептелет, чынында ал жерлерге там салынып, конуштар пайда болгон.

Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын басымдуу бөлүгү 2005-жылдагы революциядан кийин жер басып алуунун натыйжасында пайда болгон. Сabar.asia аналитикалык порталынын маалыматына ылайык, акыркы 30 жылда борбор калаанын айланасында 50 жакын конуш чаржайыт пайда болгон. Ошол эле маалда мындай конуштарда социалдык объектилер жок, жер тилкелердин тийиштүү документтери жоктугуна байланыштуу жергиликтүү бийлик бул көйгөйлөрдү чечүүдө кыйынчылыктарга туш болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте ЖЭБ-2нин айланасындагы жерлер мыйзамдаштырылды

ЖЭБ-2нин айланасындагы жер тилкелери мыйзамдаштырылат