Садыр Жапаров жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган митингчилер менен жолукту

Президенттин басма сөз кызматы 18-ноябрда Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп жаткан Бишкектин «Жер-Ынтымак» конушунун тургундары менен жолукканын кабарлады.

Тургундар митингде жерлерин мыйзамдаштууруну талап кылышты. Чогулгандар конуш жайгашкан тилке санитардык-корголгон аймак болуп эсептелгендиктен 15 жылдан бери жерлерине «кызыл китеп» ала албай жатканын айтышууда. «Жер-Ынтымак» конушунун тургундарынын митинги. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Конушта 1 300 үйдө 5-10 миңге жакын киши жашайт. Алар каттоосу жоктугунан мамлекеттик кызматтарды да пайдалана алышпасын айтышты. Буга байланыштуу бийликтен үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү суранышууда.

Митингчилер конуш санитардык-корголгон аймак делгени менен ден соолуктарына зыян тийбегенин кошумчалашты.

Жапаров митингчилерге конушка адистер жөнөтүлөрүн, алардын корутундусунан кийин чечим чыгарын айтты. Президент жерлерди трансформация кылуу маселеси акырындык менен чечилип жатканын, буга убакыт керектигин айтты.

Өлкө башчысы конуштун тургундарына митингдер жер маселесин чечүүгө жардам бербесин да баса белгиледи.

«Баарына айтып коёюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт – муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз», — деп белгиледи Жапаров.