Өлкө боюнча жыйынтыктоочу ондогон протоколдордон партиялар үчүн берилген жүздөгөн добуштар жоголду. Бул протоколдорго «Клооп» жүргүзгөн терең анализден улам белгилүү болду. Протоколдогу сандар дал келбей жатканын майдалап түшүндүрүп беребиз.

10-декабрда БШК өлкөнүн бардык шайлоо округдарында добуштар кайра саналарын билдирген. Ал тургай кайра саноого журналисттерди дагы чакырган. Бир караганда туура чечимдей көрүнөт, себеби Боршакомдун сайтында «формулада ката кеткенден» бери шайлоонун жарыяланган жыйынтыгына өлкөнүн бир да жараны ишенген эмес.

Бирок маселе башкада, кайра саноого көз карандысыз байкоочулар чакырылган эмес. Ал эми добуш саноо процесси бардык округдарда бир учурда өткөндүктөн көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес.

Баарынан кызыгы — добуштар кайра саналгандан кийин жыйынтыгы кайра эле көчүрүп жазууга ыңгайлуу кагаз протоколдорго түшүрүлөт. Ал эми кайра башынан толтурулган документте ондогон, керек болсо жүздөгөн добуштар орду-түбү менен жоголуп кетет.

Азыр биз кайда, кантип жоголуп кетерин түшүндүрүп беребиз

Протоколго асмандан алынган сандар жазылганын кантип түшүнүүгө болот?

Протоколго киргизилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн шайлоочулардын тигил же бул партияга канча добуш бергени көрсөтүлгөн уяча эле эмес, контролдук суммалар текшерилүүчү текшерүү уячасы дагы бар.

Мисалы:

Шайлоочуларга берилген бюллетендердин саны

+

Жоюлган бюллетендердин саны (шайлоо учурунда колдонулбаган)

=

Добуш берүүнүн алдында комиссияга берилген бюллетендердин саны

Же болбосо:

Шайлоочуларга берилген бюллетендердин саны

=

Анык бюллетендердин саны

+

Анык эмес деп табылган бюллетендердин саны

Же мындай:

Бардык партиялардын добуштарынын суммасы

+

«Баарына каршы» добуштар

=

Анык бюллетендердин саны

Бул эң жөнөкөй үч контролдук сумма, иш жүзүндө алар мындан дагы көп. Булардын баары логикалуу көрүнөт жана эсептөөгө оңой. Бирок биздин шайлоо комиссиялары үчүн протоколдорду туура толтуруу миссиясы аткарылгыс болуп чыкты.

Жыйынтыктоочу протоколдорду терең анализдөөдө «Клооп» бир же бир канча жыйынтык суммалары дал келбеген ондогон участкаларда аныктады. Кийин бул участоктордун толук базасын жарыялайбыз.

Азырынча эң маанилүү көйгөй жөнүндө сөз кылабыз — жоголуп кеткен добуштар.

Бюллетень берилген, бирок добуштар жок

Биринчи май шайлоо окуругундагы №1003 участогу. Протоколго караганда, партиялардын бирине 432 адам добуш берген, дагы 16 киши бюллетендеги «баарына каршы» графасын белгилеген (протоколдун жогору жагында 1-22ге чейинки ячейкалар). Ал эми бул участкадагы (протоколдун ылдый жагындагы (7-графа) жарактуу деп табылган бюллетендердин саны — 477. Ошондо 29 добуш кайда жоголду?

Кызыгы, ушул эле участкадагы башка контролдук суммалар туура: жараксыз бюллетендердин дагы, керектен чыгарылган бюллетендердин суммасы да туура көрсөтүлгөн. Ал эми добуштарда дал келбестиктер келип чыккан.

Ошол эле Биринчи май округундагы №1044 участкасы. Мында партиялардын ячейкасы менен «баарына каршы» деген ячейкадагы добуштардын саны — 745 добуш (1-22ге чейинки ячейка), ал эми жарактуу бюллетендердин саны — 859 (7-графа). Жүздөн ашык добуш кайда жоголду?

Баарынан кызыгы, бул участкада шайлоочуларга берилген бюллетендер менен керектен чыгарылган бюллетендердин саны — комиссияга шайлоо алдында берилген бюллетендерден жүзгө кем чыккан. Жүз бланк кайда жоголду?

Белгилеп кетүүчү жагдай, керектүү сандар протоколдун оң жагында калемсап менен жызылган. Ушул жерде суроо жаралат: эгер бюллетень бланктары коммисия мүчөлөрү тарабынан колго саналып, кесиптештери жана байкоочулардын алдында катуу үн менен жарыяланып, андан соң гана протоколго жазылышы керек болсо, калемсап менен жазылган сандар кайдан келди? Балким жогору жактан бирөө шыбырап кеттиби…

Ноокен шайлоо округундагы №2195 участкасы. Мында партиялардын добуштары менен «баарына каршы» ячейкасындагы добуштардын саны — 852 (1-22-графага чейин), ал эми жарактуу бюллетендердин саны (7-графада) — 872. Ошондо 20 добуш кайда жоголду?

Токтогул округундагы №2225 участкасында абал тескерисинче: мында жарактуу бюллетендердин саны партиялардын жана баарына каршы ячейкасындагы добуштардын санынан аз болуп чыкты: жарактуу бюллетендердин саны 790, ал эми добуштардын саны 880.

Ошол эле Токтогул округундагы №2241 участкасында партияларга жана баарына каршы добуштардын саны (1-22ге чейинки графа) —481, ал эми жарактуу бюллетендердин саны (7-графа) —539. 68 добуш жоголгон.

Кыязы, каталар жарактуу бюллетендердин санынан кеткен, анткени жарактуу жана жараксыз бланктардын суммасы (6, 7 жана 8-графалар) шайлоочуларга берилген бюллетендин санынан (5-графа) көп болуп жатпайбы. Мейли, бирок добуш берүү үчүн келген шайлоочунун колуна берилген (5-графа) бланк менен керектен чыгарылган (4-графа) бюллетендердин саны шайлоо алдында комиссияга тапшырылган бюллетендерден аз болуп жатпайбы? Балким бул участкаларда бланктарды жоготуп алышканбы? Жоголгондор бош, толтурулбаган бланктар экенине ким кепилдик бере алат?

Жети-Өгүз шайлоо округундагы №3212 участкасында дагы ушундай эле башаламандык. Мында жарактуу жана жараксыз бланктардын (6, 7 жана 8 графалар) санынан шайлоочуларга берилген бир бланк ашыкча (5-графа). Бирок бул эмне себептен партияларга жана баарына каршы (1ден 22ге чейин графалар) берилген добуштардын саны 526, ал эми берилген бюллетендердин саны (5 графа) 606. 80 добуш жөн эле жоголуп кеткен.

Контролдук суммалары «дал келбеген» протоколдордун көбүн бул жактан көрүүгө болот.

Азырынча биздин изилдөөдө Куршаб шайлоо округундагы №5050 участкасы рекорддук көрсөткүч менен алдыда келе жатат. Мында дароо 400 добуш жоголгон. Партияларга жана баарына каршы 587 адам добуш берген, ал эми жарактуу бюллетендердин саны —987.

Каталарды өчүрүп салуу оңой

Мындай протоколдор ондоп саналат. Бир же үч добуш айырмаланган учурлар бар, бирок партиялардын ячейкасында ондогон добуштар жоголуп кеткен учурлар дагы жок эмес. Ошол эле учурда, калган графалар туура болгондой же азырак ката менен толтурулган.

Шайлоо күнү биздин байкоочулардын дээрлик бардыгы участкалык комиссия кол санактан баш тартып жатканын же болбосо кол санакка шалаакы мамиле кылганын айтып турушту — бюллетендердин баарын бир жерге үйүп алып, шашып санап, жыйынтыктарын айтпай коюшкан.

Кээ бир байкоочулар протоколдорго кол санактын жыйынтыгы эмес, АСУнун дүмүрчөгүндөгү жыйынтык сандар киргизилип жатканын айтышты. АСУнун жыйынтыгын көрсөтүүгө катуу тыюу салынган. Анткени протокол — шайлоонун жыйынтыгынын негизги аныктамасы. Анын негизин кол санактын жыйынтыгы түзөт.

Эми бул билдирүүлөрдүн баары кагаз жүзүндө тастыкталды. Протоколдордун боткосу чыгып калган — бирок бул үчүн эч ким жооп бербейт оңдөнөт.

Биз буга чейин БШК расмий порталына жарыяланган протоколдорду кайра алмаштырып коерун буга чейин жазганбыз: бир эле шайлоо участкасында адегенде бир протокол илинет, андан кийин экинчиси илинет дагы мурдагысы өчүрүлөт. Бирок биз БШКнын сайтындагы ачык маалыматтарды реалдуу убакытта скрейпинг кылып алабыз жана азыр бизде ошол эле шайлоо участкалары боюнча ар түрдүү протоколдор бар. Алардын кайсынысына ишенсек болот?

Кыязы, БШК бул жолу протоколдордогу бардык каталарды тазалап чыгууну чечип, кайрадан кол санак жарыялаган окшойт. Бирок байкоочулардын көзөмөлү жок кайрадан саналган добуштардын туура экенине кепилдик барбы?