Бишкекте №206 каттамдын ордуна Токтобүбү Оргалчага таандык фирманын автобустары кирди

Бишкек мэриясы «Жазада-Транс» ААКы менен кызматташтыкты токтотту. Буга компания келишимдеги милдеттерин аткарбаганы жана №206 каттамдын иши канааттандырбаганы себеп болгон. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, «Мурас-Ордо» конушунун жашоочулары да №206 каттамга даттанып кайрылышкан.

«Жогоруда аталган кичиавтобустун жабылышына байланыштуу, чукул тартипте, конкурс өткөрүлгөнгө чейин 3 айлык мөөнөткө №41 автобустук каттам («Мурас-Ордо» ж/к – Ош базары) түзүлүп, ал “Шыдыр Жол Кей Джи” ЖЧКсына бекитилди. Келишимге кол коюлду», — деп айтылат муниципалитеттин билдирүүсүндө.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, учурда каттамга 7 автобус чыгып жатат. Жалпы бул коомдук транспорттун каттамга 10 бирдиги чыгат.

«Шыдыр Жол Кей Джи» ААКтын негиздөөчүсү болуп ишкер Токтобүбү Оргалча эсептелет. Компания жүргүнчү ташуу багытында иштейт.

Бул компания ЖМКларда бир канча жолу эскерилген. Мисалыга, 2020-жылдын октябрында журналисттер бул компаниянын автобустары ошол кезде бийликке катуу умтулган Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнүн байкашкан.

Мындан сырткары, kaktus.media’нын маалыматына ылайык, президенттин жубайы Айгүл Жапарованын фонду маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаган учурда бишкектиктерди ташуу үчүн «Шыдыр Жол Кей Джиден» автобустарды ижарага алган. Анда компаниянын өзү фонд аларга болгону автобустарга күйүүчү май куюп бергенин айтышкан.

Ошондой эле, Оргалча өткөн парламенттик шайлоодо «Альянс» партиясынын катарында аттанган. Алдын ала маалыматтар боюнча, парламентке Жанар Акаев өтүп жаткан, бирок БШК 15-декабрда гендердик квотага байланыштуу бөлүмдө шайлоонун жобосун өзгөткөн. Жаңы эрежеге ылайык, мандат Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага өтүп жатат.

Тема боюнча:

Жанар Акаев жана мандат. «Альянс» партиясы БШКны сотко берет