Жанар Акаев жана мандат. «Альянс» партиясы БШКны сотко берет

Жанар Акаев

«Альянс» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын «30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизген чечимин сотко даттанат. Бул тууралуу партиянын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

«Партиянын юристтери өзүбүздүн жүйөөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем», — деди Жээнчороев.

Ал эми Жанар Акаев «Боршайком адилетсиз буйрукту аткарды» деп билдирди. Талапкер БШКнын жетекчилиги «токтомду өзгөртүү үчүн комиссия мүчөлөрүнө басым жасады» деп эсептейт.

БШКнын талкуу жараткан чечими

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы отурумунда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизген.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде парламентке өткөн партия 7 мандатка ээ болсо, анын үчөө аял талапкерлерге берилет. Буга чейинки жободо 7 мандат алган партияда эки талапкер аял болушу керек деп көрсөтүлгөн эле.

Акаев шайлоонун жыйынтыгында партиялаштарынын ичинен 7-орунду алып, мандат алары күтүлгөн. Бирок анын ордуна жаңы «гендердик квота» менен Токтобүбү Оргалча келе турган болду.

Боршайкомдун отурумунда аталган өзгөртүүлөр жобону шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, парламентке өткөн партияларда 30% гендердик квота сакталышы керек.

Ал «Шыдыр Жол Кей Джи», «МегаКомпани», «Томас Кей Джи» компанияларына жана «Диализ» медициналык борборуна ээлик кылат. «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов Токтобүбү Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган. Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Токтобүбү Оргалча келет

Жанар Акаев: Адилетсиз буйрукту аткарган БШК, силердин уятыңарда болсун