«Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Токтобүбү Оргалча келет

Жанар Акаев / Токтобүбү Оргалча

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы отурумунда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде парламентке өткөн партия 7 мандатка ээ болсо, анын үчөө аял талапкерлерге берилет. Буга чейинки жободо 7 мандат алган партияда эки талапкер аял болушу керек деп көрсөтүлгөн эле.

Боршайкомдун отурумунда аталган өзгөртүүлөр жобону шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынганы айтылды. Ага ылайык, парламентке өткөн партияларда 30% гендердик квота сакталышы керек.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жаңы өзгөртүүлөрдөн улам «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев Жогорку Кеңешке өтпөй калганын айтып нааразы болушууда. Анткени Акаев шайлоонун жыйынтыгында партиялаштарынын ичинен 7-орунду алып, мандат алары күтүлгөн.

БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкулов «Азаттыкка» курган маегинде Акаевдин ордуна парламентке Токтобүбү Оргалчага келерин бышыктады.

Оргалча — «Шыдыр Жол Кей Джи», «МегаКомпани», «Томас Кей Джи» компанияларынын жана «Диализ» медициналык борборунун ээси. «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов Токтобүбү Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган. Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.