Cадыр Жапаров саясий күчтөрдү, анын ичинде оппозицияны да биригүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-декабрда Тарых музейинде 2021-жылдын — Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын* жыйынтыгын чыгаруу үчүн азыркы жана мурдагы чиновниктер менен жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

*«Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү тууралуу декларацисы» 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети кабыл алган.

Басма көз кызмат жолугушууга экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле учурдагы жана мурдагы чиновниктер келгенин мааалымдашты.

Сүрөттөргө караганда, учурда Кыргызстанда жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жолугушууга чакырылган эмес. Алмазбек Атамбаев да келген жок — ал колонияда.

*Акаев Кыргызстанга 14-декабрда «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берүү үчүн келген. Мурдагы президентти эртеси эле суракка алышкан. Анын жактоочусу Айбек Самарбеков Акаев дагы суракка алынышы мүмкүндүгүн жана ал жуманын аягына чейин өлкөдө болорун билдирген.

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Акаев биринчи жолу Кыргызстанга арадан 16 жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын 2-августунда келген.

Бозгун президент Акаев өлкөнү 15 жыл башкарган. Ал 2005-жылы, «жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качкан. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар тарабынан адилеттүү эмес деп таанылган парламенттик шайлоонун жыйынтыгы себеп болгон.

Иш-чарада Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жолугушуунун соңунда келген конокторго өз ара баарлашып, пикир алмашууга жана музейдеги экспонаттар менен таанышууга да мүмкүнчүлүк берилди.

Садыр Жапаров эмне жөнүндө айтты?

Өз сөзүндө Садыр Жапаров жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат деп айткан.

Президент келген меймандарга кайрылып, алар үстүбүздөгү жылы өлкө бир катар орчундуу окуяларды баштан кечиргенине күбө болушканын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Жогорку Кеңешке шайлоо административдик кийлигишүүгө жол берилбей өткөнүн билдирди.

«Жылдын башында президенттик шайлоону жана башкаруу формасын аныктоо тууралуу конституциялык референдум өттү, андан соң, 11-апрелде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу боюнча бүткүл элдик референдум ийгиликтүү өткөрүлдү. Жаңы министрлер кабинети куралып, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет административдик кийлигишүүгө жол берилбей, Жогорку Кеңешке адилет жана таза шайлоо өткөрүлүп, саясий реформалардын дээрлик бир жылга созулган соңку этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып жатат», — деди өлкө башчысы.

Ошондой эле, Жапаров отуз жыл ичинде Кыргызстан улуттук табиятка шайкеш келген өнүгүүнүн оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, жыйынтыгында жарандык коом активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алганын белгиледи.

«Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда», — деп айтты Садыр Жапаров.

Жапаров өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу да сөз кылып, коңшулар менен да, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташууну чыңдоо тышкы саясаттын приоритети экенин белгиледи.

Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып, бул багытта кадамды татыктуу улантыш үчүн коомдо туруктуулук маанилүү экенин билдирип, өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн, жарандарды, санаалаштары менен оппоненттерин, коомдун бардык катмарын биригүүгө үндөдү.