Чек ара кызматы «Байрактар» учкучсуз учактары менен жабдылды

УКМКнын Чек ара кызматы «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары менен жабдылды. Бул тууралуу 18-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган учактарды Жапаров өзү көрүп чыкты. Өлкө башчысы учактардын башкаруу системасы менен таанышып, алардын кандай иштешин көрдү.

Президенттин басма сөз кызматы канча учак алып келингенин ачыктаган жок.

«Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды. Алар өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Аскердик техниканы чыңдоо

Түркиядан алнып келинген «Байрактар» учкучсуз учактары. Сүрөт: Президениттин басма сөз кызматы.

Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учактарды сатып аларын 21-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал мындан сырткары Кыргызстан Орусиядан «Орлан-10» аскердик дрондору да алынарын кошумчалаган.

«Азыр Түркияда бизге Bayraktar аскердик дрондору жасалып жатат — бул [техника] дүйнөдөгү беш эле мамлекетте бар экен, алардын бирөө биздин мамлекет болот. Жакында ал дагы келет. Бүгүнкү күндө Түркияда биз өзүбүздүн [дрондорду] башкара турган адамдарды окутуп жатабыз», — деген Ташиев.

*ЖМКлар Bayraklar’дын бир даанасы 5 млн доллардын тегерегинде турат деп жазышты. Ал эми «Орлан-10дун» баасы 120 миң долларга чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

21-октябрда Садыр Жапаров УКМКнын Чек ара кызматына Дубайдан сатып алынган брондолгон 40 жолтандабас өткөрүп берген. Ташиев ал техникага мамлекеттик бюджеттен 300 млн сомго чукул каражат сарпталганын айткан. Ошондой эле, ал аскерлер үчүн снайпердик куралдар жеткирилгенин белгилеген.

Техникаларды өткөрүп берип жатып Жапаров «бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык» экенин айткан.

«30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузга курал алып башка өлкөнүн аймактарын басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок, эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот», — деген Жапаров.

Түркиянын «Байрактар» учкучсуз учактары

«Байрактар» аскердик дрондору. Сүрөт: Президениттин басма сөз кызматы.

«Байрактар» ​учкучсуз учактарынын түрлөрү Түркиянын жеке менчик Baykar Makina компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Компаниянын эң ийгиликтүү продукциясы катары «Байрактар ​​TB2» сокку уруучу учкучсуз учагы эсептелет. Ал 4 ракета же бомба көтөрүп, узакка чейин уча алат.

Түрк армиясы ал учакты 2014-жылдан бери колдонуп келе жатат. Учактарды алар Сирия менен Ливиядагы атайын операцияларында колдонушкан.

Ошондой эле, Азербайжан дагы бул учкучсуз учактарды Тоолуу Карабакта Армения менен болгон аскердик жаңжалда колдонгон. Адистердин айтымында, ал жерде учактар натыйжалуулугун көрсөткөн.

Бул учактарды Азербайжандан тышкары Украина, Катар жана Ливия сатып алган. Ал эми жакында эле Түркмөнстан Борбор Азияда биринчилерден болуп «Байрактар ​​TB2» учагын сатып алган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ташиев: Биз Түркиядан Bayraktar аскердик дрондорун сатып алдык

Сырдуу рейс жана куралдануу. Чек ара жаңжалынын табышмактуу жагдайлары — Temirov Live