Ташиев: Биз Түркиядан Bayraktar аскердик дрондорун сатып алдык

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркия жана Орусиядан аскердик дрондорду сатып алганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда Чек ара кызматына жаңы аскер техникасын тапшыруу учурунда билдирди.

«Азыр Түркияда бизге Bayraktar аскердик дрондору жасалып жатат — бул [техника] дүйнөдөгү беш эле мамлекетте бар экен, алардын бирөө биздин мамлекет болот. Жакында ал дагы келет. Бүгүнкү күндө Түркияда биз өзүбүздүн [дрондорду] башкара турган адамдарды окутуп жатабыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле, УКМКнын башчысы Орусиядан «Орлан-10» аскердик дрондору да алынарын кошумчалады. Бирок аскердик дрондорго канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

*ЖМКлар Bayraklar’дын бир даанасы 5 млн доллардын тегерегинде турат деп жазышты. Ал эми «Орлан-10дун» баасы 120 миң долларга чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

21-октябрда УКМКнын Чек ара кызматына Дубайдан сатып алынган брондолгон 40 жолтандабас өткөрүлдү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.

«Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузга курал алып башка өлкөнүн аймактарын басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок, эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот», — деген Жапаров.

Ташиевдин айтымында, бул техникага мамлекеттик бюджеттен 300 млн сомго чукул каражат сарпталган. Ошондой эле, ал аскерлер үчүн снайпердик куралдар жеткирилгенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев буга чейин көп учурда Кыргызстанга аскердик техника жардам катары берилгенин, бирок мындан ары ал бюджеттин эсебинен сатылып алына турганын кошумчалады. Ал эми жаңы алынган техниканын көбү Баткен облусуна жиберилет.

«Техникалар негизинен Баткен облусуна барат, анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Баткен облусундагы чек арабызда кооптуу маселе жаралып турат», — деди Камчыбек Ташиев.

Президент Жапаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында Түркияга расмий сапары менен барган. Сапардан кийин түрк бийлигинин Кыргызстандын Коргоо министрлигине грантык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экени белгилүү болгон.

Көп өтпөй Кыргызстанга Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар келип, Садыр Жапаров менен аскерий-техникалык багыттагы жана коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Кыргызстандын аскердик техникасынын абалы

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн абалы жана дарамети тууралуу маселе апрелдин аягында Тажикстандын аскерий агрессиясынан кийин айтыла баштаган. Аталган темага Temirov Live’дын журналисттери да кайрылып, эки өлкөнүн аскердик техникасын салыштырган.

Temirov Live’дын иликтөөсүнөн алынган скрин

Анда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө 2020-жылга карата 150 танк, 414 брондолгон аскердик унаа, 228 артиллериялык курал, 52 аба чабуулунан коргонуучу каражат, эки тик учак*, төрт самолёт жана 36 танкка каршы куралдары бар экени көрсөтүлгөн.

*Алардын бири — Ми-8 тик учагы — үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ош облусунун Ноокат районунун аймагында кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 14 киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Ал эми Тажикстанда 2020-жылы 37 танк, 56 брондолгон аскердик унаа, 23 артиллериялык курал, эки аба чабуулунан коргонуучу каражат, төрттөн тик учак жана самолёт болгону маалымдалган. Анткен менен башка маалымат булактарында тажик тараптын аскерий техникасы алда канча көп экени көрсөтүлгөн.

«Кыргызстанда танктар жана башка аскердик техника көп болгондуктан анын армиясы күчтүрөөк десе болот эле. Бирок Тажикстан армиясын ар дайым күчөтүп, акыркы беш жылда 121 млн 90 миң доллар сарптаган [...] Кыргызстан болсо буга 4 млн 587 миң доллар жумшаган», — деп белгилеген журналист Зулайка Эркимбаева.

Кыргызстан аскерий техника үчүн акыркы жолу каражатты 2016-жылы сарптаган.