Чүй-Кемин округу: Талапкер Медербек Саккараевдин каттоосу жокко чыгарылды

Медербек Саккараев

Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга анда «башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегени» негиз болду.

Ал эми талапкер Боршайкомдун чечимин сотко даттана турган болду. Мындан улам БШК №31 Чүй-Кемин шайлоо округунун жыйынтыгын чыгарууну убактылуу токтотту.

*Шайлоо мыйзамынын 46-беренесинде башка мамлекеттин жарандыгын алган талапкер Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт деп көрсөтүлгөн.

БШКнын териштирүүсү

16-ноябрда БШКга Саккараевде Казакстандын жарандыгы бар болгону тууралуу арыз түшкөн. Боршайком бул маалыматты текшерүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылган. Ошондой эле БШКдан Саккараев шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырып жатканда анкетада башка жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат көрсөтпөгөнүн белгилешти.

Укук коргоо органдары 23-ноябрда Саккараевдин кош жарандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын жана Алматынын полиция департаментинин базасында ал «Казак Республикасынын жараны катары саналып жатканын» кабарлаган.

Анын эртеси күнү, 24-ноябрда, талапкердин өкүлү Боршайкомго Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен «Саккараев коңшу өлкөнүн жараны эмес» деген маалымкат тапшырган. Ошондой эле өкүл Саккараевдин анкетасын кайрадан толтуруп, ал 2006-2016-жылдары Казакстандын жараны болгонун маалымдашкан.

Анткен менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Саккараев коңшу өлкөнүн жарандыгын 2002-жылы алганын маалымдаган.

Саккараев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 36 шайлоо округунан 33 жеңүүчүнү аныктады. Ал эми №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарынын шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды, анткени ал жерде «баарына каршы» эң көп добуш алган. Эми аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Дагы 54 мандат партиялык тизме менен өткөн алты партиянын талапкерлеринин арасында бөлүштүрүлдү. Шайлоодон жеңип чыккан партиялар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру».

Дагы окуңуз: Партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыкты. 54 мандат кимдерге берилди?

Текебаевге кол салуу

Саккараевдин аты «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу менен да байланыштырылган. Анда ондогон киши 1-декабрда «Парк отель» мейманканасынын алдында Текебаевге кол салып, анын телефонун тартып алышкан. Текебаевдин айтымында, чогулгандар аны «кичи автобуска салып кетүүгө аракеттенген».

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова саясатчыга Токмоктун мэри Урмат Самаев жана Медербек Саккараевдин «спортчулары кол салганы тууралуу маалымат бар» деп билдирген.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы Текебаевге кол салуу болгон жерде жүргөндөр буга чейин Токмоктогу «Мегаполис» кафесинде шайлоого нааразы болгон партияларга видеокайрылуу жолдогонун аныктаган. «Мегаполис» Медербек Саккараевдин эжесине таандык.

Бишкектин Биринчи май РИИБси бул факты боюнча «Тоноо» беренси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Көп өтпөй милиция Ыбыш Эшбаевди кармаган.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды