Өмүрбек Текебаевге кол салуу. «Тоноо» беренеси менен бир киши кармалды

Шектүү. Сүрөт: Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган кишилердин бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 2-декабрда билдирди.

1-декабрда Бишкектин Биринчи май РИИБси «Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Милициянын маалыматына ылайык, Текебаев «Парк отель» мейманканасынын алдында турганда ага белгисиз кишилердин тобу келип, физикалык күч колдонуу менен анын 10 миң сомдук мобилдик телефонун тартып алган жана бетине жаракат келтиришкен.

Бишкек шаардык милициясы саясатчыны тоноого шектеп Чүй облусунун 23 жаштагы тургунун кармады. Пресс-релизде шектүү Текебаевге таандык телефонду өз ыктыяры менен кайтарып бергени айтылат.

Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка фигуранттарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар уланууда», — деп билдиришти мекемеден.

Текебаевге кол салуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

«Башка жакка алып барып сүйлөшөбүз дешти. Ал арада адамдар көбөйүп, айрымдары телефонго тарта баштады. Ошондо гана таанылып калбайлы деп ойлоштубу, менин жана ошол жакта чогулгандардын баарынын телефондорун чогултуп кетишти», — дейт ал.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атады жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

Ал эми соцтармактарда Текебаевге кол салуу учурунда тартылган тасма жарыяланган. Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат.

Окуядан кийин Текебаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушуп, «Ата Мекендин» лидерине кол салган кишилерди табууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчы Садыр Жапаровго жеткенин билдирген. Анын айтымында, Жапаров ИИМге бул окуяны «тыкыр иликтөөнү» тапшырган.