Партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыкты. 54 мандат кимдерге берилди?

Айбек Матекримов / Сүйүн Өмүрзаков / Эрулан Кокулов / Токтобүбү Оргалча / Орозайым Нарматова / Нуржигит Кадырбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таанып, алты партия жеңишке жеткенин аныктады.

Шайлоонун 5%дык босогосунан төмөнкү партиялар өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 222 005 добуш же 17.32%;
  • «Ишеним» — 174 470 добуш же 13.61%;
  • «Ынтымак» - 141 009 добуш же 11%;
  • «Альянс» - 106 955 добуш же 8.35%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» - 90 223 добуш же 7.04%;
  • «Ыйман Нуру» - 79 025 добуш же 6.17%.

Алган добуштарына ылайык 54 мандат аты аталган беш партиянын ортосунда бөлүштүрүлдү. Дагы 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

«Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат

  1. Бакыт Төрөбаев;
  2. Фархат Исмаилов;
  3. Таалайбек Сарыбашов;
  4. Айбек Маткеримов;
  5. Жеңишбек Токторбаев;
  6. Элдар Сулайманов;
  7. Равшан Сабиров;
  8. Жылдыз Садырбаева;
  9. Алишер Козуев;
  10. Жаныбек Кыдыкбаев;
  11. Таалайбек Масабиров;
  12. Жамиля Исаева;
  13. Надира Нарматова;
  14. Камила Талиева;
  15. Гүлшаркан Култаева.

Дагы окуңуз: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды

«Ишеним» — 12 мандат

  1. Медербек Алиев;
  2. Эмилбек Жусупов;
  3. Жылдыз Таалайбек кызы;
  4. Сүйүнбек Өмүрзаков;
  5. Улугбек Ормонов;
  6. Нурбек Сыдыгалиев;
  7. Марат Мураталиев;
  8. Бахридин Шабазов;
  9. Русланбек Жакышов;
  10. Миргүл Темирбаева;
  11. Айсара Абдибаева;
  12. Чолпон Султанбекова.

Дагы окуңуз: Вице-спикер, экс-аким жана депутаттар. «Ишеним» партиясынын биринчи бештиги

«Ынтымак» — 9 мандат

  1. Эрулан Көкүлов;
  2. Шарапаткан Мажитова;
  3. Талант Мамытов;
  4. Бакыт Тентишев;
  5. Мурадил Сыдыков;
  6. Марлен Маматалиев;
  7. Балбак Түлөбаев;
  8. Аида Исатбек кызы;
  9. Лейла Лурова.

Дагы окуңуз: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

«Альянс» — 7 мандат

  1. Чыңгыз Айдарбеков;
  2. Алтынбек Сулайманов;
  3. Азамат Исираилов;
  4. Фарходбек Алимжанов;
  5. Гүлкан Молдобекова;
  6. Нилуфар Алимжанова;
  7. Токтобүбү Оргалча.

*Алдын ала жыйынтык боюнча, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев парламентке өтмөк. Бирок БШК 15-декабрда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, Жанар Акаевдин ордун Токтобүбү Оргалча ээледи.

Дагы окуңуз: «Альянс» 13 талапкерди ачыктады, съездге дагы кимдер катышты?

«Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Исхак Масалиев;
  3. Эмил Токтошев;
  4. Алишер Эрбаев;
  5. Орозайым Нарматова;
  6. Гуля Кожокулова.

Дагы окуңуз: «Бүтүн Кыргызстан» тизмесин бекитти, партияны шайлоого Мадумаров баштап барат

«Ыйман Нуру» — 5 мандат

  1. Нуржигит Кадырбеков;
  2. Султанбай Айжигитов;
  3. Замирбек Мамасадыков;
  4. Винера Раимбачаева;
  5. Динара Ашимова.

Ошондой эле Боршайком 36 округдун 35нин жыйынтыгын аныктады. Учурда №31 Чүй-Кемин шайлоо округунун жыйынтыгы чыгарыла элек, анткени эң көп добуш алган талапкер Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу текшерилип жатат.

Ал эми №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарынын шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды, анткени ал жерде «баарына каршы» эң көп добуш алган. Эми аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.